Нурсултан Назарбаев Аскар Акаевге жеке телефон чалып, көңүл айтты
Бир нече күн мурун Москвада Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаевдин сөөгү жерге берилди. Саясатчы жана укук коргоочу Токтайым Үмөталиеванын VB.KG басылмасына берген маалыматына ылайык, ал да акыркы сапарга узатуу зыйнатына барып келген.
“8-февраль күнү Москва шаарында кыргыздын тунгуч президенти Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев Аскар Акаевге жеке телефон чалып, көңүл айтты. Белоруссиянын биринчи президенти Станислав Шушкевич, Украинанын экс-башчысы Л.Кравчук, КР экс-президенти Курманбек Бакиев Аскар Акаевдин үй-бүлөсүнүн аза кайгысын тең бөлүштү. Бүгүнкү күнгө чейин дүйнөнүн төрт бурчунан көңүл айтуу телеграммалары келип жатат. Кыргызстандан экс-мамкатчы Осмонакун Ибраимов, экс-пермьер-министр Апас Жумагулов, экс-премьер-министр Николай Танаев, Болот Жанузаков, Кубанычбек Жумалиев, Болот Абилдаев, Курманбек Осмоновдор акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышышты” деп белгилеген укук коргоочу.
Aryba.kg