Күйөөм өзүнөн улуу аял менен сүйлөшүп, нике кыйып алыптыр


Биз башкалардын көйгөйүн угуп, кеңеш айтып, сооротуп, акылман катары чыга келебиз, бирок өз тагдырыбызга келгенде сөзсүз адашабыз. Акылдын ордуна ый, сабырдын ордуна санаа келет. Азыр мен дал ошол абалдамын...
Күйөөм экөөбүздүн турмушубуз экинчи өмүр сыяктуу башталган. Ал мурда никелүү болуп, бир кыздын атасы. А мен өмүр бою бала жытын сагынып келем. Кудайдан тилеп, ар бир таңды үмүт менен тосом. Бирок ай сайын ошол үмүт өчөт, алсыз жүрөк ооруйт...
Бир күнү күтүүсүз угуп калдым, күйөөм өзүнөн улуу аял менен сүйлөшүп, нике кыйып алыптыр. Дүйнөм аңтарылып, бир кызыктай абалда калдым. Мени тирүүлөй кемсинткени жаныма батты. Кетүүгө камынам, бирок ичимде боштук, баары чаржайыт. “Эми кайда барам? Кимге керекмин?” деген ойлорго батам. Жүрөгүмдүн жарасы канап турат, ишенимим чөгүп, сезимим муздай баштады. Балким, бул сыноо да бир күнү өтүп кетер. Балким, ошол күнү жүрөгүм дагы бир жолу сүйүүгө, жашоого, ишенүүгө даяр болуп калат. Айтор, адамдарга таңгалып бүтпөй келем. Арабызда эмнеге эки жүздүүлөр толтура? Бир гана Жараткандан күч сурайм.
Фарида
"Азия Ньюс" гезити











