“Кайнатамдын оорусу кармаганда, баламды көтөрүп алып, айылчылап кетем”
Күйөөм менен үч ай сүйлөшүп эле турмушка чыгып алгам. Камкор, боорукер, өзгөчө аял кишиге жумшак. Мага ушул мунөздөрү жагып, жашоомдо бактылуу болом деп ойлогом. Чынында күйөөмдү тандоодон жаңылбаптырмын, бирок кайын журтту байкабай, тозокко түшүптүрмүн. Кайненем он жыл мурун каза болуп калыптыр, эмне себеп болгонун сураган да жокмун. Кайнатам менен бирге турабыз. Жоош, көп сүйлөбөгөн адам, бирок оорусу кармаганда адамга кол салуудан кайра тартпай калат экен. Токмоктогу психооруканада каттоодо турарын жакында эле билдим. Айдын бир мезгилинде оолугуп, бирөөгө кол салчудай болуп калат. Эки жолу мага тап бергенде, күйөөм жанымда болуп калып, Кудай сактаган. Азыр күйөөм көбүнчө жумушта болгондуктан, үйдө көп болбойт. Бала менен 24 саат бою мен отурам. Кайнатамдын оорусу кармаганда, баламды көтөрүп алып, айылчылап кетем. Дайыма эле бир барган үйүңө кайра-кайра айылчылай да албайт экенсиң. Эмне кыларымды билбей калдым?