Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Президенттик аппарат Кашкар Жунушалиевдин "иритме" ишмердигине баа береби?

Президенттик аппарат Кашкар Жунушалиевдин "иритме" ишмердигине баа береби?

25-июнь, 16:12
1 845 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Милициянын негизги милдеттери – бул кылмыштуулукка каршы күрөшүү, кылмыштын бетин ачуу, коомдук тартипти көзөмөлдөө жана жарандарыбыздын бейкуттугун камсыздоо болуп саналат. Ал эми азыркы убакта, тескерисинче, жарандарыбыз социалдык тармактар аркылуу өздөрүнүн бейкуттугун сактап, коомубуздагы болуп жаткан терс көрүнүштөрдү ачыкка чыгарып келишет. Себеби, акыркы эки жылда элдин милицияга болгон ишеними төмөндөп кеткенин коомчулуктун массалык маалымат каражаттары аркылуу билдирген пикирлеринен тыянак чыгарып койсо болот. Жогорудагы айтылган сөздөр кур болбос үчүн кээ бир коомчулукка чыкпай келген ИИМдин былык иштерин жарыялоону туура деп чечтик.


Дал ушул Кашкар Жунушалиев жетектеп турган 2019-2020-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын аймагында коомчулукка резонанс жараткан бир канча үрөй учурган кылмыштар катталып, ошол кылмыштар бүгүнкү күнгө чейин бети ачылбай турганы эмнени түшүндүрөт? Мисалы:

1. 2020-жылдын 1-январь түнүндө Бишкек шаарынын Куликовский көчөсүндө жайгашкан “Азия” медициналык окуу жайынын кеңсесинен 4 беткапчан, куралчан кылмышкерлер кароолчусунун буту-колун байлап, 1.380.000 (бир миллион үч жүз сексен миң) АКШ долларын алып, кылмыш болгон жерден изин суутушкан.

2. 2019-жылдын 11-декабрь күнү Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Нариман айлына жакын жерден 3 беткапчан, куралчан кылмышкерлер А.К. жана Н.Б. аттуу жеке ишкерлердин автоунаасын кырсыкка учуратышып, кытай бизнесмендерине таандык 1.300.000 (бир миллион үч жүз миң) АКШ долларын тартып алып, из жашырышкан.

3. 2019-жылдын 6-март түн ичинде Аламүдүн районуна караштуу Беш-Күнгөй айлында белгисиз 3 куралчан кылмышкерлер жеке ишкерлер А.Б. жана К.Н.нын автоунаасын кырсыкка учуратышып, жубайынын башына ок атуучу курал менен атышып, жанындагы 310.000 (үч жүз он миң) АКШ долларын тартып алып, изин суутуп кетишкен. Бүгүнкү күндө жогорудагы башынан жаракат алган ишкер айым 1-топтогу майып болуп сыздап отурат.

4. 2019-жылдын 19-август күнү чаламандын чак түшүндө Бишкек шаарында жайгашкан “Дордой” базарынын жанынан 4 беткап кийген куралчан кылмышкерлер кытай жаранына кол салышып, “Лексус-300” үлгүсүндөгү автоунаасын кырсыкка учуратышып, жанындагы 323.000 (үч жүз жыйырма үч миң) АКШ долларын жулуп кетишкен.

5. 2019-жылдын 4-декабрь күнү Бишкек шаарынын Манас проспектиси менен Москва көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан акча алмаштыруучу жайга куралчан 3 кылмышкер кол салышып, 4.500.000 (төрт жарым миллион) сом суммадагы акчаны тартып алышып, из жашырышкан.

6. 2019-жылдын 26-ноябрь күнү эртең менен саат 09:00 чамасында Бишкек шаарынын Сухэ-Батор жана Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “ЭкоИсламикБанкына” эки куралчан кылмышкерлер кирип, банктын кызматкерлерин коркутушуп, 1.500.000 (бир миллион беш жүз миң) сом суммадагы акчаны тартып алып кетишкен.

7. 2020-жылдын 13-июнь күнү чаламандын чак түшүндө эки куралчан кылмышкерлер Бишкек шаарында жайгашкан “Керемет” банкынын филиалына киришип, 2.600.000 (эки миллион алты жүз миң) сом суммадагы акчаны тартып алышып, из жашырышкан. 

Жогорудагы кылмыштарды көрүп, биздин өлкөгө кайсы инвестор келет? Булар көбүнесе чет элдик жарандардын жана биздин ишкерлердин бешене тери менен тапкан акчалары болуп жатпайбы.

Чыгаан министр болсо өзүнүн жеке көзөмөлүнө алып, жогорудагы коомчулукка резонанс жараткан кылмыштардын бетин ачтырса болот беле? Дагы уялбастан “элдин милицияга болгон ишеними жогорулады” деп коомчулукту алдап келет!

Мурдагы министрлер мындай коомчулукта резонанс жараткан кылмыштардын беттерин ачтырышчу (ошол эле Мелис Турганбаев, Зарылбек Рысалиев, Молдомуса Конгантиевдер), себеби, милициянын жүзү дал ушундай кылмыштардын бетин ачууда көрүнөт. Кылмыш ачылбаса, жогорудагы иштеп кеткен министрлер чечкиндүү чараларга барып, райондук жетекчиден баштап облустук жетекчиге чейин катуу чараларды көрүшүп, жумуштан алганга чейин барышчу. Жеке өздөрү жумуштун жүрүшүн көзөмөлдөшүп, протоколдук тапшырманын негизинде ыкчам кеңешме өтүп, угуп турушчу. Азыркы министрден сурап көрсөңөр, “жогорудагы фактылар боюнча канча жолу угуп, ыкчам кеңешме өткөрдүңүз?” деп. Айта албайт. Себеби, жумушун так билбейт. Өмүр бою участковый болуп жүрсө, кайдан түшүнмөк эле?!

Бул министр сынга теригип, “Азия Ньюс” гезити менен соттошкондон башка колунан эч нерсе келбейт! Соттошкондун ордуна кызматкерлерине камкордук көрүп, турак жай маселесин чечип берсе болот беле? Бул министр келгенден бери кызматкерлерге бир да үй салынып берилбегендигин баса белгилеп кеткибиз келет. Мурдагы министрлер М.Турганбаев убагында үч үй, Улан Исраилов турганда беш үй, З.Рысалиев турганда эки үй, М.Конгантиевдин убагында үч үй берилгендигин коомчулук жакшы билсе керек. Бул министрдин ИИМдин ичиндеги интригалардан башы чыкпай жатса, кайдагы көзөмөл? Кайдагы камкордук?..

 ИИМдин кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын башчысы менен “кылмыштарды кантип ачабыз?” деп тапшырма бере албайт. Себеби, экөөнүн пикири келишпестигин өздүк курамдын кызматкерлери айтып жүрүшөт. Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, аны кабыл албайт экен. Экөө ит-мышык болуп жатса, кайдагы кылмыштын бетин ачышат? Көрсө, 2019-жылдын октябрь айында министр мырзанын кабинетинде ИИМде акыркы убакта тергелип жаткан чуулгандуу “Акнет” ишканасынын кылмыш иши боюнча суроо жаралып, кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысы менен кер-мур айтышып, Кашкар мырзанын уят сөздөр менен сөккөнүн жаздырып алышканын коомчулук билбей калат дегенби? ИИМде мындай чыңалуу улана берсе, ал жазылып алынган сөздөр жакын арада соцтармактарга чыгып калышы толук ыктымал. “ИИМдин ичи ириген” десе, биз ишенбейт элек. Көрсө, чын турбайбы!

ИИМдин ички иликтөө башкы башкармалыгынын жетекчилери Т.Акматов менен К.Өскөнбаев бири-бирине ор казышып, өздүк курамга арыз жаздырып жүрүшсө, ИИМдин жашыруун кызматынын башчысы кылмышкерлер менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөрү соцтармактарга жайылып атса, ИИМдин чарба башкармалыгынын башчысы (ФХУ) милицияларга Кызыл-Кыя шаарындагы кийим тигүүчү фабрикага кызматтык кийим тиктирүүгө шугулданып, алдап, Ош базарынан Россиядан келген арзан кийимдерди арзыбаган баада сатып алып, таратып, мамлекеттин акчасын сол чөнтөккө уруп алып, анысы билинип калып, жумуштан кетип жатса, кандай түшүнөбүз? Министрге “сый-ургал” катары 10 миң АКШ доллар бергенби? Ошону чыгарыш керек беле? Олуттуу суроолор өтө көп...

Президентибиз Сооронбай Шарипович “мыйзам баарына бирдей болуш керек” деп айтып келет. Бирок, Кашкар Жунушалиев президенттин айткан сөзүн укмаксанга салып, мыйзамды тебелегени кандай? 

2020-жылдын 31-май күнү ИИМдин өздүк курамга чыккан буйругунун негизинде бир канча кызматкерлер жаш курагы 55ке чыккандыгына байланыштуу ардактуу эс алууга жиберилген. Эмне үчүн ИИМдин орун басары Памир Асанов ардактуу эс алууга кетпейт? Же эмне, Памир Асановго ал мыйзам иштебейби? Ушул бизге түшүнүксүз. Кайсы эмгеги үчүн бул кишини ардактуу эс алууга жибербейт? Жогорку Кеңешке барып, эки сөздүн башын бириктирип сүйлөй албай уят кылып отурат. Жакында эле комитеттин жыйынында күн тартибине коюлган маселе боюнча министр экөө суроолорго жооп бере алышпай, коомчулукка шылдың болушту. Бул маселе боюнча жакында ИИМдин ардагерлери топтолушуп, пресс-конференция өткөрөрү бизге маалым болду.

Акырында айтарыбыз, урматтуу Жогорку Кеңеш! Кылмыштуулукка каршы жана укук тартип боюнча комитеттин жетекчилери жана анын мүчөлөрү: мурдагы ИИМдин экс-министрлери Б.Субанбеков, М.Абдылдаев, З.Рысалиев жана М.Жээнчороевге “жогорудагы коомчулукка резонанс жараткан кылмыштардын бетин ачуу үчүн Кашкар мырзага жол көрсөтүп койсоңор?” деп суранып кетер элек. Угуп көргүлөчү, Кашкар мырза дагы кандай калптарды айтаар экен?..

Кыскасы, президенттик аппарат чукул арада Кашкар Жунушалиевдин “кашаң”, булганыч ишмердигине баа бербесе, аягы мамлекеттүүлүктүн сакталышына чоң коркунуч жаралары бышык. 

 

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер