Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Азимбек Бекназаров: “Парламенттеги партиялар зыяндуубу, же Камчы Көлбаевби?”

Азимбек Бекназаров: “Парламенттеги партиялар зыяндуубу, же Камчы Көлбаевби?”

14-ноябрь, 01:38
2 009 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров менен коомчулукта катуу талкууланып жаткан башкаруунун күнгөй-тескейи жана жаңы бийликтин аракеттери боюнча баарлаштык. 

-- Азимбек Анаркулович, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев парламентте жана “Азаттык” радиосунда «парламенттик  башкаруудан кайтсак, 30 жыл артка кетебиз. Өзбекстан, Түркмөнстанга айланабыз» дегендей оюн ачык билдирип, президенттик башкарууга каршы экенин да шардана кылды. Эгер президенттик башкарууга багыт алсак, чын эле З0 жыл артка кетебизби?

-- Эмне дейт элем? Өмүрбек Чиркешовичке башкаруунун түрү боюнча өз оюн ачык айтканы үчүн рахмат айтышыбыз керек. Мен «башкаруунун түрүн элге чыгаралы, президенттик же парламенттик башкарууну жактагандар элге чыгып, агитация кылышсын, эки суроонун бирин тандап добуш беришсе, көпчүлүгү колдогон башкаруунун түрүнө жараша конституциялык реформа жүргүзөлү» деп келгем. Мындай оюмду дагы деле карманам. Буга чейин 1993-жылкы Конституцияга 10дон ашык өзгөртүүлөр киргизилип, башкаруунун түрү, Акаев, Бакиев, Убактылуу өкмөт каалагандай бекитилип келди. Бийликтин, эгемендиктин ээси болгон элден башкаруунун багыты боюнча ою бир да жолу суралбады. 2005-жылдын март революциясынан кийин Бакиев “элден сурайм” деп макул болуп, мени баш кылып, өз жарлыгы менен башкаруунун үч түрү боюнча долбоор жаздырган. Бирок, кийин сөзүнө турбай, элге чыгарбай, өз билгенин кылып кетти. 

Бүгүн Садыр Жапаров башкаруунун түрүн элге чыгарганы туру, Бакиевге окшоп айныбаса болду. Ал эми Текебаевдин позициясындай эле башкаруунун кайсы бир түрүн туу туткан адамдар да бар. Ошон үчүн эл чечсин, Текебаевдер, Жапаровдор эмес. Анткени, бийлик элге кызмат кылыш керек.

Текебаевдин «Өзбекстан, Түркмөнстан болобуз, 30 жыл артка кетебиз» дегенине да өз позициямды билдирейин. Биринчиден, бир тууган коңшу өлкөлөрдү шылдыңдагандай мисал келтиргени мамлекетчил саясатчыга аброй алып келбейт. Мен өтө алыс кетпейин, кечээ эле пандемия күч алып турганда Текебаев «артта калган» деген Өзбекстан Кыргызстанга самолет аркылуу гумжардам бергенин билбейт бекен? Он жылдан бери Текебаевдин «парламенттик башкаруусу» бар Кыргызстан кимге гумжардам көрсөттү? Карыз сурап тилемчи болуп, анан ошолорду да элге бербей шерменде болуп жүрбөйбүзбү?! Жакында кайсы бир эл аралык уюм Түркмөнстанды эң коопсуз, борбору Ашхабад эң кооз шаар катары тааныды. Сингапур, Малайзия жана башка алдыңкы деген өлкөлөр артта калды. Муну Текебаев окубаса керек!

2010-жылкы Конституция боюнча Кыргызстанга парламенттик башкаруу киргизилгени менен парламентаризмдин негизинде шайланчу депутаттарды тандап алууну Максим Бакиев негиздеп, Текебаев, Атамбаевдер үзүрүн көргөн партиялык тизмеде калып, суперпрезиденттик, мыйзамсыз, үй-бүлөлүк башкарууда эле жашап жатпайбы кыргыз эли?! Ага Текебаевдин өзүнүн жеке “салымы” ат көтөргүс. Президенттик башкаруубу, же парламенттикпи, кеп анда эмес. Кеп “бүгүн президентти ким, кандай шайлайт? Кандай укуктарга ээ жана эл алдында кандай жоопкерчилик тартат? ЖКнын депутатын ким тандайт, кандай шайланат? Кимдин алдында жоопкерчилик тартат?” – маселе ушуларда, андыктан, Башмыйзамда так аныктап, бөлүштүрүп бекитүүдө турат. Текебаевдин парламенттик системасында президенттин да, депутаттын да эл алдындагы отчёттуулугу, жоопкерчилиги жок (жеке кылмыш кылган учурдан сырткары)!

Дүйнө жүзүндөгү эң күчтүү делинген парламенттик өлкөлөрдө, мисалы, Германия, Малайзия жана башка мамлекеттерде президенти, королу парламент менен өкмөттүн ишине аралашпайт. Депутаттары кайсы бир партия ээси тарабынан тандалып, партиялык тизмеге киргизилип жабык шайланбайт. Ачык, түз, конкреттүү округдардын өкүлү катары шайланат. Саясый партиялар аларга колдоо көргөзөт, шайлоодо суроочу болот. Президенттик башкаруусу бар Америка да ошондой. Текебаевдин парламенттик системасында депутаттар эле партиялык жабык тизмеге киргизилип, паспортубуздагы улутубузду көрсөтүү да жабык чипке алынган. Кыргызстандагы парламентаризмди партиялык жабык тизмеге депутаттарды тандап жүрүп, Текебаев өзү сындырды. 2008-жылы Максим Бакиев киргизген партиялык тизмени шайлатуу – шайлоо системасы киргенден бери өлкөбүз эмнелерди жоготту, келгиле эсептеп көрөлү? 2008-2010-жылдары “Акжол” партиясы Каркыра, Маймак, Көк-Сай жана башка жер участкалары; Ысык-Көл жээгиндеги 5 пансионат 50 гектар жери менен; Кумтөр, “Түндүкэлектр”, “Чыгышэлектр”, “Кыргызтелеком”, ондогон пансионаттар, объектилер, жүздөгөн гектар жерлер; 2009-жылдын аягындагы 2010-жылдын башындагы “Акжол” парламенти даярдап жаткан конституциялык реформага ылайык, аз жерден Кыргызстанды Максим үчүн монархиялык өлкөгө айлантуу үчүн Конституциялык соттун чечими чыгарылып калган. Аны 2010-жылы Апрель революциясы токтотту, объектилердин көпчүлүгү кайра улутташтырылды.

2010-2015-жылдар аралыгындагы КСДП, “Ата Мекен”, “Республика”, “Ар-намыс”, “Ата Журт” партиялардын заманында Апрель революциясынын эң башкы талаптары болгон президенттик – үй-бүлөлүк башкаруу Атамбаевдин шопур, катчыларынын формасында калыбына келтирилди;  2009-жылкы Кумтөр  келишими оболу парламенттик, анан мамлекеттик комиссиялар тарабынан «коррупциялык, Кыргызстандын кызыкчылыгы, мыйзамдары одоно бузулуп түзүлгөн» деп таанылып, күнөөлүүлөрдүн аттары аныкталса да кайтарылбады. “Кайтарабыз” деген депутаттар, саясатчылар куугунтукталды. “Эл үнү” коомдук-саясый уюму тарабынан Кумтөр келишимин денонсация кылуу жөнүндөгү элдик демилге менен даярдалган мыйзам долбоорун революциялык “Ата Мекен”, КСДП фракциялары карабай коюшкан; Кумтөрдөгү коррупциялык схема азыр да улантылып, экономикалык, экологиялык зыяндардын өлчөмү да көбөйүүдө.

Улутташтырылган бир топ объектилер, мисалы, БНКнын объектилери мыйзам бузуу менен болгону 3 млн. АКШ долларына бааланып, түз сатылып, кайра тез эле 10 эсе кымбатка сатылган; “Кыргызгаз” 1 долларга сатылган, “Нарын” каскады “Русгидрого”, анан кайра башка фирмага сатылып, ортодо ГЭСтер курулбай, Кыргызстан ондогон млн. доллар зыян тарткан; кыргыз-өзбек чек арасы Өзбекстан бир тараптуу белгилеп алган сызык боюнча гана 85 пайызы ратификацияланган, кылымдар бою кыргыздын жери болуп келген Уңгар-Тоо сыяктуу жерлер жең ичинен эң жогорку өкмөттүк деңгээлде «Өзбекстандыкы» деп таанылган. “Андай эмес” дегендерди Атамбаев баш болуп, «алар канга тойбогон кузгундар, жолотпогула, ташбараңга алгыла!» деп чакырык кылган. Парламент кыргыз жерин коргогондун ордуна Атамбаевдин оозун карап, үн кошкон эмес. Батукаевдин чыгарылышындагы эле көрүнүш кыргыз бийлиги, парламентаризм кимге кызмат кылганын тастыктап турат. 

2015-2020-жылдар аралыгындагы азыркы Жогорку Кеңештеги партиялар Бишкек ТЭЦи боюнча келген кредиттерди өздөрү ратификация кылышып, мыйзам күчүнө киргизишип, кийин кайра жалгыз өкмөт башчы Сапар Исаковду күнөөлөгөнүн айтсак эле жетиштүү болот. Текебаев айткан парламенттик системада жашаган Кыргызстандын акыркы 10 жыл аралыгындагы бул айрым гана элге белгилүү фактылары. Он жыл ичиндеги саясый туткун аталгандардын тизмеси Бакиевдин заманындагы көрсөткүчкө жетпесе да теңтайлашат. Жаңылануу, тазалануу, алга өнүгүү процесстерин мамлекеттүүлүктү, анын эгемендигин бекемдөө, элдин ынтымагын чыңдоо саясатын, акыркы партиялык тизмени шайлатуу кирген 13 жылдын ичинде көргөн жокмун. Элдин байыганын да көрбөй турам. Ошол эле учурда 13 жылда парламентте жүрүшкөн саясый партиялардын ээлеринин материалдык жактан байыганы жашыруун деле эмес. А мүмкүн парламенттик системаны коргоп, ким депутат болорун тандоону бир гана саясый партиялардын колунда кармап калуунун сыры ушундадыр?.. Ошон үчүн шайлоо системасын өзгөртүүнүн ордуна, азыр да “парламентте шайлоо босогосун 3 же 5 пайызга түшүрсөк болду” деп тырышып жатышканы бекеринен эместир! Эгерде Текебаев же башка бирөө мен айткан фактыларга макул болбосо, мен алар менен ар убакта талашууга даярмын. 

Азыр Камчы Көлбаев «кылмыштуу уюм түзгөн» деп камакка алынды. Мен аны коргоодон алысмын, бирок салыштырып көргүлөчү: парламенттеги саясый партиялардын акыркы 10 жыл ичиндеги өлкөгө, элге келтирген зыяны менен Камчы Көлбаевдин уюмунун тергөө тактап жаткан зыянынын өлчөмдөрүн?! Санагыла, эсептегиле! Мейли, тергөө органдары аныктасын, эсептесин! Материалдык да, моралдык жана саясый жагынан да зыянды эсептегиле! Кимиси көбүрөөк кылмышкер: парламенттеги партияларбы же Көлбаевдин уюмубу? Ушундан кийин айтасыңар, бизге кандай башкаруу керектигин... 

-- Феликс Кулов Садыр Жапаровдун премьер-министр катары шайланышын жана түрмөдөн чыгып акталышын мыйзамсыз иретинде айтып жатат. Сиз мурдагы башкы прокурор катары кандай дейсиз?

-- Уктум, окуп жатам Куловдун айткандарын. Жапаровдун акталышы боюнча: Кулов түрмөдөн чыккан 2005-жылдын март-май айындагы кылмыш ишти жаңы ачылган жагдайда кайра каратуу тартиби менен азыркы Жапаров түрмөдөн чыккан мезгилдеги тартип таптакыр эки башка. Куловдун иши Жогорку сотто, башкы прокурордун милдетин аткаруучу менин сунушум менен каралган. Кулов айткандай, «аны актаган ООНдун чечими» болгон эмес, ООН актабайт. Анын адам укугу боюнча комитети ишти оңдоп кароо боюнча Кыргызстандын бийлигине рекомендация түрүндөгү сунуш эле берет. Андай сунушту ООН Аксы окуясы, Т.Тургуналиев, А.Аскаров жана башкалар боюнча деле берген. Куловго берилген ООНдун сунушу Акаевдин мезгилинде эле каралган экен. Ошондуктан анын ишин кайра каратуу үчүн ал жаңы жагдай болгон эмес. Жаңы жагдай катары “Акаевдин режиминин кулашын, ага байланыштуу Акаевдин режиминде саясый өңүттөн камалды делинген Куловдун, Тургуналиевдин жана башка ондогон адамдардын баардыгына кылмыш иштерин кайра оңдоп каратууга мүмкүнчүлүк түзүлдү” деп башкы прокурор катары мен түзгөм. Негизги жаңы жагдай катары, жаңы бийликтин келишин, эски бийликтин кетишин эсептегем. 2010-жылы Апрель революциясынан кийин да сот, прокуратура, тергөө органдарынын куратору катары ушундай эле принципти туу тутуп, “Бакиевдин режиминин саясый туткунумун” деп эсептелгендердин баарына мүмкүнчүлүк түзүп бергенбиз. Ондогон саясатчылар пайдаланып, акталышкан. 2019-жылдын башында ошондогу президент Сооронбай Жээнбеков менен Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү жолукканда да курултайда  таанылган Атамбаевдин режиминин «саясый туткундарынын баарына Чотонов менен Текебаевдей эле мүмкүнчүлүк түзүп бербейсизби?» деп сурангам. Азыркы мыйзамдар башкы прокурорсуз эле ар бир соттолуучу өзү түз сотко кайрылууга укук берет экен. Садыр Жапаров ошону пайдаланды. Жапаров эле эмес, 2018- жылдын 24-ноябрында 30дан ашык коомдук-саясый уюмдардын биргелешип өткөргөн элдик курултайда Жапаров менен бирге соттолушкан ондогон Жети-Өгүз районунун атуулдары, Сарыгуловдун тобу, Асановдун тобу, Талгарбековдун тобу, Ташиев, Мамытов алар менен кошо соттолушкан жигиттер, Чотонов, Текебаев, Мырзакматовдор «Атамбевдин режиминин саясый туткундары» деп талашсыз таанылган. Ал эми Салянова, Түлеев жана башкалар боюнча талаш-тартыш жаралып, көпчүлүк добуш менен өткөн. Бүгүн Атамбаевдин режими кулады, жаңы ачылган жагдайда жогоруда аталган жана аталбаган адамдар Садыр Жапаровго окшоп өз иштерин каратканга укугу бар. Соттор кандай шартта, жагдайда карайт – бул процедуралык башка маселе. Ага соттор өздөрү жооп беришет. 

-- Баса, Садыр Жапаровдун премьер-министр болуп бекишин мыйзамсыз катары сыпаттагандар чыгышууда. Куловдун бул боюнча койгон дооматы жөндүүбү?

-- Садыр Жапаровдун премьер-министр болуп шайланышы боюнча Кулов айтып жатат, “ЖКда кворум болгон жок же «тирүү» 61 депутат катышкан жок” деп. Доверенность менен добуш берүүнү, анын ичинде кворум түзүүдө да пайдаланууну ушул Куловдор 2011-жылдан кийин киргизишкен болсо керек эле. Ага чейин мындай «доверенность» деген түшүнүк парламентте болгон эмес. 10 жыл бою кворум түзүүдө, добуш берүүдө иштеп келген доверенность институту эмне үчүн Жапаровго келгенде иштебей калышы керек? Андан бери деле, азыр деле  «доверенность» иштеп жатпайбы? Анда Жапаровдун Жогорку Кеңешке киргизген өкмөт мүчөлөрү, кадрдык башка сунуштары бардыгы легитимсиз болобу? Эң башкысы, тынчтык жолу менен эптеп алга жылып бараткан арабага кыйкым таап бут тоспосок...


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер