Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Генерал Улан Ниязбеков милициянын тарыхына өзгөчө из калтырат

Генерал Улан Ниязбеков милициянын тарыхына өзгөчө из калтырат

16-июль, 01:57
2 347 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Октябрь төңкөрүшүнөн кийин Улан Ниязбеков министр болгондо айрым сын пикирлер айтылганы эсибизде. Күтүүсүз эле жаңы адамдын келип калышы ар кандай ойлорду жараткан. Бирок, убакыттын өтүшү менен баары жай-жайына келе баштады. 

Эң башкысы, Улан мырза дипломат, мыйзамдын мизи менен жүргөн профессионал экенин көрсөттү. Башка органдардай саясый куугунтуктарга барган жок. Ишине кылдат, кыраакы мамиледе. Ички иштер министрлигине мындан ары тереңдей түшсөк, биздин каарманыбыз өздүк курамга чын ниеттен күйөт экен. Кызматкерлерге карата социалдык көйгөйлөрдү чечүүнүн машакатында иштеп атат. Кадр саясатын оңдоого аракетин кылууда. Кылмыштуулукту ачууда санариптештирүү технологиясын киргизүүгө жан үрөп, бул жагынан ийгиликтерге жеткени калды. Дагы бир олуттуу жагдай, 1974-жылдан бери ИИМ имараты ремонт болбоптур. Бул жагы кейиштүү көрүнүш эле. Генерал Улан Ниязбеков мамлекеттик эсептен эмес, демөөрчүлөрдүн демилгеси аркылуу борбордук жайды капиталдык оңдоого алды. Мындай ишке башка министрлер чыгынган эмес. “Түсү ийгиден түңүлбө” деген кыргызда кеп бар. Буюрса, алгылыктуу арымын салууда. 

Баса, баары эле бир кылкадай, телегейи тегиздей сезилип кеттиби? Жо-ок, министрдин айрым орун басарлары, кээ бир башкармалыктагы начальниктери, ж.б. жетекчилер жумуштарынан аксашып, ишеничти актабай атышканын көрүп атабыз. “Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат” дегендей, аларды жакында негиздүү аргументтер менен шыла чаап, “санитардык” милдетибизди кылбасак, көмөктөшпөсөк, акыйкатка качан жетебиз? “Кой терисин жамынган карышкырлар” жок эмес, алардын беттерин сыйрып, былыктарын ашкерелөө – мезгил талабы!

Жыйынтыгында, Улан Ниязбековдун көздөгөнү – милициянын тарыхына из калтырып, реформа жасоо менен таза иштеп, жалпы элге үлгү көрсөтүү! Алгачкы ийгиликтер жаралууда, мындан ары да жаңы идеялардын ачылышына, табылгаларга күбө болмокчубуз... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер