“Жерибизди, кен байлыктарды арзанга берүү – кечирилгис чыккынчылык!
-- Кытай инвесторлоруна жерлер берилип жатканы боюнча талкуулар жанданууда. Сиздин ой-пикириңиз кандай?
Тазабек Икрамов, экс-депутат:
-- Кыргызстанга кирип жаткан инвесторлорду биз кучак жайып тосуп алышыбыз керек. Ал эми биздин ишкерлер азыркы учурда өлкөдөгү капиталын сыртка чыгарып кетишүүдө. Бирок, “инвестор” деп эле Кыргызстандын жерин, кен байлыктарын текейден арзанга берип, күмөндүү компаниялар менен жең ичинен жабык иш кылып, мамлекеттик деңгээлде коррупциянын эң жогорку үлгүсүн жасоо – кечирилгис чыккынчылык! Мындай ишке жол бергендер келечекте аёосуз жазаланат. Ал эми интернетте тарап жаткан кытай инвесторлоруна берилген 700 гектар жер боюнча коомчулук сыяктуу эле менде да так, жетиштүү маалымат жок. Мындай иштерди бийлик элге ачык айтып, так маалымат берүү менен башташы керек эле. Жеке пикиримде, Чүй облусу жер маданиятына, айыл чарба продукциясын өндүрүүгө багытталган стратегиялык аймак. Андай түз жерден, суу сактагычтын айланасынан жер берүү боюнча учуру келгенде маселе көтөрүлсө керек.
Токтогул Какчекеев, саясат талдоочу:
-- Кыргызстан Шанхай кызматташтыгына мүчөбүз, демек, анын экономикалык программасына катышабыз. 700 гектарга мегабазар курулса, Кыргызстан өнөр жай, тамак-аш жана башка товарларга толуп, Орто Азияда соода-сатыктын эң ири борборуна айланат. Анткени, 32 жылдан бери Кытайдын товарлары, кредиттери Орто Азияда жана Россия Федерациясында да үстөмдүк кылууда. Жергиликтүү чарбачылык, соода тармагы, экономика Кытай кызыкчылыгына ооп калат. 700 гектар жер Кытайдын башкаруу жолуна өтсө, майда-чүйдө бизнестер атаандаш боло алышпайт. Ошон үчүн бул жерде теңаталык жол менен башкаруу керек. Тагыраагы, ал борборду кыргыз тараптан дасыккан, билимдүү ишмерлер башкарышы шарт.
Нурлан Мотуев, блогер:
-- Байкап крөлү, алып иштете берсин кытайлар. Эгер көөп, өз билгендерин кыла башташса, Нарындын мыкты жигиттери 5-6 жыл мурун кытайларды топ-тобу менен тоодон кууп түшкөндөй кылып, заматта эстерине келтирип коюшат. Эгер кыргыздын мыйзамдарын сакташса, млдеттерин так аткарышса, эң башкысы, мамлекетке пайда алып келишсе, иштей беришсин.
Эгер ал борборду кыргыз инвесторлору иштетүүнү көздөшсө, аларга берсин. Өзүбүздөгүлөр жарабаса, кытайлардын тажрыйбасын алалы. Эң негизгиси, а жерге башка улуттар ээлик кылышып, кийин маселе жаратпай тургандай болушу керек. Башкаруу системасына да теңаталык жолду киргизип, кыргыздардын кызыкчылыгы эске алына тургандай пайдалансак.