Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бутума тургузган аялымдын башын аттадым... бирок бактысызмын

Бутума тургузган аялымдын башын аттадым... бирок бактысызмын

12-август, 12:17
12 329 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Жубайым Айгүл экөөбүз медициналык окуу жайдан табышканбыз. Мен стоматологияда, ал дарылоо факультетинде окуп, лекциялар чогуу болор эле. Түшүнбөгөн суроолорун профессорлорго тартынбай берип, сабакка активдүү катышканынан улам ага көңүлүм бурулган. Кийинчерээк жакындан таанышып сөзгө тартсам, экөөбүз бир райондон болуп чыктык. Бул нерсе мени Айгүлгө дагы жакындаштырды. Көп өтпөй ага болгон сезимимди билдирдим, ал да шагымды сындырбады. Ошентип экөөбүздүн таттуу кыз-жигиттик доорубуз башталды. Үйдүн улуу баласы болгондуктан ата-энем мени “оку, билим алып кийинки турмушуңда кор болбогудай жаша” деген накылын көп айтышар эле. Бирок менин Айгүлгө болгон сезимим үстөмдүк кылып, 4-курсту бүткөндө ата-энеме ээрчитип бардым. Босогого келген келинди кет демек беле, апам жоолугун салып, тойго даярданып калышты. Ошентип эки тараптын “окууңарды бүткүчө коё турбайт белеңер...” деген күңкүлдөгөн кептерин көңүлүбүзгө албай, бактылуу жашоону баштадык. 


Аялым мен үчүн окуусун курмандыкка чалды

Каникул бүткөндө окуубузду улантуу үчүн экөөбүз ээрчишип шаарга келип, өзүбүзчө түтүн булаталы деп батирге чыктык. Алгач үй-бүлөлүк жашообуз ойдогудай башталды. Бирок, бара-бара ата-энемдин салганы аздык кылып, жолкире, батирдин акчасы, баскан-тургандан кысыла баштадык. Алгач тууган-туушкандардан карыз сурап, эркек катары маселени чечкенге аракет кылдым. Бирок, карыз акча менен деле алыска узабайт экенсиң. Артымда майда карындаштарым чоңоюп келе жаткандыктан, ата-энемди тытмалап улам акча сурай бергенге да бетим чыдабай калды. Ошентип бир кесим нанды тең бөлүп, окууга жөө кеткен, кезерип ачка келип, ошол бойдон жатып алган күндөр келди. Ошондо да жок менен барды бирдей көтөргөн, оозунан ашыкча ачуу сөз чыкпаган жубайым “көрөсүң го, баары жакшы болот” деген сөзү менен жубатып, желкемен сылагандан башка сөз айткан жок. 

Демалыш эле. Эртең менен уктап жатсам, Айгүл түртүп ойготту:

-- Рамис, турчу, сага бир жаңылыгым бар. Кубанарымды же кубанбасымды билбей турам. Боюма бүтүп калыптыр, - деди. 

Көзүм умачтай ачылды. Биздин планыбызда азырынча балалуу болуу жок эле. Айгүл айтмакчы, бул кабар бир чети сүйүнүчтүү, бир чети ойлонто турган маселе эле. Азыр балалуу болуп алсак, жубайымдын окуусу эмне болот? Өзүбүз араң жашап жатканда, баланы кантип багабыз? Ушул суроолордун үстүндө экөөбүз ал күнү кечке ойлондук. Бирок, бир чечимге келбеген бойдон жатып калдык. Эртең менен туруп да бул тууралуу ооз ачпадык. Троллейбуста кыналышып кетип баратканда гана Айгүл акырын шыбырады:

-- Рамис, мен окуудан академиялык тыныгуу алайын. Акча-тыйындан да кыйналып кеттик. Төрөгүчө иштеп, андан кийин балабызды апамдарга убактылуу бере туруп, окуумду уланта берем, - деди. 

Келинчегимдин бул сөзү мени ойлонтту. Бирок башка арга жок эле. Ошентип, Айгүл батирибизге жакын жердеги базарга манты сатып иштеп калды. Алгач ата-энеси укканда ачуулары келиптир. Бирок жубайым мага сөз тийгизбей, баарын өзү жайгарыптыр. Келинчегимдин ошол күндөрү тарткан түйшүгү азыр да көз алдымда. Кечинде колу кызаргыча камыр жууруп, мантынын фаршын даярдап, муздаткычка салып жатат. Таңга жуук мен таттуу уйкуда жатканда туруп алып мантысын түйүп, бышырып алып, мен сабакка, ал базарга жөнөйт. Аялым иштегенден тарта батир, каржы маселеси чечилди. Мен мурдагыдай сабакка жөө барбай, токпейил тартып, үстү-башым оңолуп, жашообуз бир нукка түшкөнсүп калды. Байкушум, ичиндегисине тогуз ай болуп, камыр жайган таптакыр ыңгайсыз болуп калганга чейин ишин токтотподу. Бул убакыт аралыгында бир канча акча чогултуп коюптур. Ошон үчүн төрөп үйдө отуруп калганында да акчадан кыйналган жокпуз.


Жубайым өзүн түйшүккө алдырды

Уулума 3-4 ай болгондо Айгүлдүн окуусун уланта турган убагы келип калды. Бир күнү сабактан келсем:

-- Рамис, мен ушуну менен окубай эле коёюн деп чечтим. Баланы апама берип, экөөбүз окуган күндө деле баягыдай кыйналабыз. Сенин окуганың баарыбызга жетет. Андан көрө алагды болбой жакшы окуп, кызыл дипломго жет. А мен... кийин улантып алам, - деди. 

Экөөбүз ары-бери тартышып отуруп, бул жолу да Айгүлдүн айтканындай болду. Кичинекей баласы менен кайра баягы мантысына киришти. Бала уктаганда баарын даярдап, түштө коляска менен барып туруктуу кардарларына мантысын өткөрүп келет. Ошентип мен окуумду бүтүп, шаардагы тиш дарылоочу клиникалардын бирине орношуп, иштеп баштадым. Айгүлдүн мурдагыдай базарга чыгуусуна зарылдык деле калган жок. Батирлесек да эл катары жашообузду өткөрүп, акырындан бутка тура баштадык. Эки уулдуу болдук. Жубайымдын окуумду кийин улантам деген тилеги ишке ашпай, балдар менен алышып, үйдө отуруп калды. 

Эки балам чоңоюп мектепке бара баштаганда, Айгүл үчүнчү наристебизди жарык дүйнөгө алып келди. Ошо менен убактысын, күчүн, ден соолугун үч балама, мага арнап салды. Бул учурда менин ишим жакшы жүрүшүп, үйлүү, унаалуу болуп калгам. Атүгүл бирөөнүн кол алдында иштебейин деп өзүмчө клиника да ачууга жетиштим. Ушул жылдары Айгүл экөөбүздүн ортобуздагы жылуу мамиле салкындап, бири-бирибизге баштагыдай үзүлүп түшпөй, оолактай баштадык. Буга бир чети келинчегимдин өзүнүн сырткы келбетине көңүл бурбай, күндөн-күнгө толуп баратканы себеп эле. Керээлден-кечке ашканада тамакты түрлөп жасап отурганынан уламбы, ага майдын жыты сиңип калгандай сезиле берчү.


Айгүлдү башкага алмаштырдым... 

Ушундай учурда эркекке шылтоо гана керек экен. Күндөрдүн биринде клиниканын босогосун сулуу пери аттады. Адатта өзүмдүн туруктуу кардарларымды гана кабыл албасам, жаңы кардарларды кол алдымда иштегендер дарылачу. Эмнегедир бул жолу бейтааныш кызды өзүм кабыл алгым келди.

-- Өтүңүз, сиздей сулуу кыздын да тиши ооруйбу? Таттууну жакшы көрөсүзбү? -деп обу жок тийишип, кабинетиме киргиздим. Өзүн Сонун деп тааныштырган бийкеч ошону менен менин туруктуу кардарыма айланды. Сонун бою узун, арыкчырай, каш-кирпиги төгүлгөн, мүчөсү төп келишкен, менин кыялымдагыдай бийкеч экен. Сулуулук тармагында иштеген бойдок кыздын жүрөгүнүн бош экенин сөз арасында айтып өткөнү мага ого бетер дем болду. Ошентип Сонундун көңүлүн алууга өттүм. Акыры экөөбүздүн мамилебиз жакындашып кетти. Бул аралыкта мен жубайыман биротоло алыстап, көзүмө анын келбети мурдагыдан да жагымсыз көрүнүп, жанына жатканда денем үркүп, жаман абалда болуп жүрдүм. Сонунга болгон сезимим үстөмдүк кылып, акыры ичимен аялым менен ажырашуу чечимин кабыл алдым. 

Башында Айгүл ажырашууну укканда катуу уруш чыгарса керек деп күткөм. Бирок, мен ойлогондой болгон жок. “Өзүң бил” деген сөзү менен иш бүттү. Бирок, кийимдеримди чогултуп чыгып бараткандагы анын көз карашы биротоло жүрөгүмө тикен болуп сайылып, эшикти жабарым менен эчкирип ыйлаганы кулагымдан кетпес болуп жаңырып кала берди. Бул көз карашта, ыйда көңүл калуу, жек көрүү, ардануу, таарынуу камтылган эле. Убагында ишим жакшы жүрүп турганда борбордон эки батир алып койгом. Эки батирди тең балдарымдын ырыскысы деп аларга калтырып, өзүм жаңы жашоону убактылуу батирден баштадым. Балдарымдан кол үзгөнүм жок, чогуу жашабаганым эле болбосо, мурдагыдай эле эч нерседен кем кылбай карап аттым. Ажырашуубуз тууралуу аларга апасы түшүндүргөн экен, мага ашыкча суроо берип беймаза кылышкан жок. 


Сулуу аялым акылсыз чыкты

Сонун менен жашоо жомоктогудай башталды. Шапар тээп, тапкан акчамдын көп бөлүгүн анын каалоосуна жумшап жүрдүм. Шаардагы мыкты жайларда эс алып, кымбат кафелерден тамактанып, айтор, жашоонун кызыгы мен үчүн жаңы башталгансыды. Эрке мүнөз, жаш аялымдын оозунан чыкканын эки кылбай, оюндагы белегин алып берем. Каалоосун аткарбасам таарынып бир нече күн сүйлөбөй коркутмайы, курбуларыныкына барып түнөмөйү адатка айланып баратты. Кудай деле эркекке жакшы аялдын кадырын билдирүү үчүн жаманына жолуктурат окшойт деп калдым. Айгүл менен Сонундун адамдык сапаттарында айырма асман менен жердей болчу. Кыскасы, жаш аялым аз убакыттын ичинде мени бир нече жолу иренжитти. Анан да аял катары тамакты даамдап жасай алмак турсун, ашканага башбаккандан эрингени, үй-жайды таза күтө албаган шалаакы жайы бар эле. Кечки тамакты кафеден жейбиз, үйдө болгон күндөрү буюртма менен келген пицца жейбиз. Ушулардын баарын салмактап отуруп, Жараткандын жазасы экенине ынандым. Сага сулуу келбет, келишимдүү мүчө керек беле, мына!” деди окшойт. 


Айгүл мени канткенде кечирет?

Убактым болгондо, сагынганда балдарыма барып турчумун. Акыркы ирет эки ай мурда барганымда Айгүл үйдө жок эле. Балдарымды алмак-салмак эркелетип кете бергем. Сонун адатынча пиццага чалып буюртма берип жатканда эле чыгып кеттим. Кудай кесир кылбасын, ошол тамактан ушунчалык көңүлүм калып, жемек тургай көргүм келбей калды. Бир чети балдарымды, экинчи чети Айгүлдүн даамдуу тамактарын сагынып үйгө бардым. Коңгуроону басканымда кызым улактай чуркап келип эшикти ачып, мойнума асылды. Айгүл ички үйдө экен. Учурашайын деп башбакканымда келмем оозуман түштү. Себеби, алдымда баягы толук Айгүл эмес, куурчактай жасанган, мурдагыдан кыйла келишимдүү, таптакыр башка аял турду. Чын эле ушул аялды чандымбы? Эмнеге мындай сулуулукту мурда көрө алган жокмун? Менин таңкалганымды келинчегим да байкады өңдөнөт, мыйыгынан жылмая: 

-- Келгениң жакшы болду, балдарды карай турчу. Курбумдун туулган күнүнө бармакмын, - деди суроолуу. Үнсүз баш ийкедим. Балдар менен сүйлөшүп отуруп түн жарымы болду. Айгүлдөн дайын жок. Эмнегедир ичимде кызгануу сезими пайда болду. Экөөбүз ажырашкан эки жыл аралыгында башка бирөөнү таап алганбы? Ошонусу үчүн ушунча өзгөрдүбү? Же курбусунукуна кетпей эле ошого кезиккени кеттиби?.. Мээмди миң түркүн суроо эзип атканда акыры Айгүл келди. Көңүлү көтөрүңкү экен. 

-- Балдар уктадыбы? Ыракмат, бара берсең болот, - деп суз коштошту да бөлмөсүнө кирип кетти. Ыңгайсыз абалда калдым. 

Ошол күндөн баштап аялымдын артынан аңдыганга өттүм. Балдарды сабакка, кызымды бакчага таштагандан кийин бош убактысын фитнес клубда, бассейнде, сулуулук салондорунда өткөрөт экен. Жандап жүргөн чоочун эркекти деле көргөнүм жок. Бир чети санаам тынып, башка бирөөсү жок экенине көзүм жетип, ичимен “уфф” дедим. 

Ой-санаамдын баары Айгүлгө келип такалат. Өткөн жашообузду эстейм. Бир убакта ушул аял үстү-башыма үйрүлүп түшүп, ачкалыктын азабын тартып кезерип жүргөндө бутума тургузбады беле? Өзүнүн кызыкчылыгын, каалоосун, жашоосун, өмүрүн мендей акмак үчүн садага чаппады беле? Анан мен ушундай аялды “толук, өзүнө карабайт” деген арзыбаган шылтоо менен кантип чандым? Өзүнө караганга биринчи шарт түзүп бердимби мен? Айгүлдү акыркы жолу көргөндөн бери ушундай суроолор менен санаа тартып жүрөм. Чынын айтсам, ага кайрылып баргым келет. Мурдагыдай бактылуу жашоону башыман өткөргүм келет. Эми мен калган жошообузду кастарлап, аялымды алаканыма салып, аздектеп алмакмын. Бирок, менин алдымда чоң суроо турат: кайра жубайыма кечирим сурап барсам, мени кабыл алабы? Же “эми сенин мага керегиң жок” деп койсо бозоруп орто жолдо каламбы? Ага кандай мамиле кылсам мени кечирет? Башыңыздардан ушул сыяктуу окуялар өткөн болсо тажрыйбаларыңыздардан бөлүшүңүздөрчү?

Рамис, Бишкек шаары

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер