Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өмүрзак Төлөбеков: «Манастын уулу Семетей» тасмасы интернет айдыңына чыгат”

Өмүрзак Төлөбеков: «Манастын уулу Семетей» тасмасы интернет айдыңына чыгат”

21-июль, 15:51
934 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Киносценарист жана продюсер Өмүрзак Төлөбеков менен маек.

-- Өмүрзак мырза, “Манастын уулу Семетей” тасмасы чоң ызы-чуу түшүрүп, эми коомчулукка тартууланганы турат. Качан, кайсы интернет каналдарга чыгарылмакчы?

-- “Манастын уулу Семетей” көркөм фильмди 21-июлдан тартып “Этномедиа” интернет каналы аркылуу тартууланат. Мамлекет казынасынан акча жумшалбай, бизнесмендер өнөктөштүк негизде каржылашканынан алардын каражаттарын кайтаруу аракетинде акы төлөнүүчү каналга койдук. Ошондой эле тасма көп тилдерге которулуп, бир катар өлкөлөрдүн интернет жана телеканалдарына даярдалууда. 

-- Тасма Италия, Америка эл аралык кинофестивалдарынын сый-урматына татып, бир катар өлкөлөрдүн кино адистери тарабынан жогору бааланганынан кийин, аны бизде ур-токмокко алып сындоо бастай түшкөнсүдү окшойт...

-- “Манас” – кыргыз эли үчүн улуу, ыйык чыгарма. Ага өтө аяр мамиле кылуу керек экенин түшүнүп, 40 жыл бою сахнада пьесасы коюлуп, эл сынынан өткөн Жалил Садыковдун драмасына таянганбыз. Ага карабай сындагандар көп болду. Эпосту миф түрүндө кабылдап көнүшкөн манасчылар, кино жана маданият тармагындагы атаандаштар, башкы бийлик колдогону үчүн оппозиция анан Абыке, Көбөш, Коңурбайдын тукумдары... Айтор, сынчылар өтө көп болду. Арийне, улуу чыгарманы аз каражат менен бузуп алуудан чочулашкандарды түшүнөбүз. Бирок, миллиондогон долларлык олчойгон каражатты өлкө экономикалык каатчылыкта турган шартта киного бөлүү кыйын эле. Мүмкүнчүлүккө жараша манасчыларды толук укпаган, эпосту чоң китеп түрүндө окубаган азыркы жаштарга улуу чыгарманы тааныштырууну максат кылганбыз. 

Москва, Стамбул, Анкара, Милан, Нью-Йорк, Вашингтон – дүйнөнүн ири шаарларында көрсөтүп, эл аралык кинокомпанияларга улуу чыгармабыз жана кыргыз эли, жери, кийим, буюмдары тууралуу таасирлүү маалымат берип, “Манасты” тартууга кызыктырдык. Азыр эки жарым сааттык “Манас” киносценарийибизди англис, түрк, кытай тилдеринде Голливуддун, “Нетфликстин”, Кытайдын, Түркиянын продюсерлери окушуп, кеңири талкуулап, дүйнөлүк ири долбоор даярдап атабыз.

-- Сынчылар “Манасты” тартууга тоскоолдук кылышпайбы?

-- Кыргызстанда тартсак арийне, катуу бут тосушмак. Бул эл аралык долбоор. Дүйнөлүк кинотармагынын мыйзамдарына ылайык иш жүргүзөбүз. Чет өлкөлүк эркин кинокомпаниялар мамлекеттик студиялар менен эмес, менчик компаниялар аркылуу иштешкиси келишет. Анан да четтик өнөктөштөргө биздеги тоскоолдуктар тууралуу кенен маалымат бердик. Алар андай тоскоолдуктар бардык жерде кездешерин билишет.

-- Анда эми тоскоолдуктарга моюн сунбай, буюрса, “Манас” тасмасы тартылат тура...

-- Тоскоолдуктар дайыма болот. Өзгөчө чоң, улуу долбоорлордо. “Манас” эпосун 50-жылдарда чыгарбай койгон ызы-чууну, Айтматовдун “Жамийласын”, Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылычын” талкалоо окуяларын эскерсек жетиштүү болор. Бирок, чындык, улуу чыгармалар дайыма жеңет. Кылымдык жаңылыкты убагында коомдун көп катмары туура түшүнбөй, аларды оппоненттер дуулдатып, акырындап мезгил өз баасын берет. 

Куйдай буюрса, “Манас” тасмабызды Америка, Кытай, Түркия, Италия биргелишип, ондогон миллион доллар менен дүйнөлүк популярдуу актёрлордун жана режиссёрлордун катышуусунда тартмакчыбыз. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер