Министр Алмазбек Бейшеналиевдин реформалары жакын арада өз жемишин берерине ишенебиз


Азыркы министрлер кабинетинин камчы салдырбай иштеген, негизги жүгүн көтөргөн алдыңкы сабындагы саналуу министрлеринин бири Алмазбек Бейшеналиев. Бул жолу ал өзүнүн чыныгы реформатор экенин көрсөтүп, эгемендүүлүк жылдарындагы жыйырмага жакын министр чече албай келаткан “түшпөс хан” директорлор көйгөйүн чечти. Бир мектеп директорун кызматтан ала албаган министрдин ыйгарым укуктарын кеңейтти. Ошону менен бирге мектепти майталкан кылып 20-30 жылдан бери отурган директорлордун түшүнө кирбеген реалдуу реформаны баштады. Мектеп директорлорунун конкурсу заманбап усулдар менен айкындуулукта, таза, калыс өткөрүлүп, коомчулукту ыраазы кылууда.
Министр Алмазбек Бейшеналиевдин алдыга койгон негизги стратегиялык максаты – билим берүүнүн сапатын көтөрүү. Бул бийик максатка жетүү үчүн ал көптөн бери чогулуп, чечилбей келаткан көйгөйлөрдү ыкчам чечүүгө киришти. Билим берүүнүн сапатын көтөрүш үчүн адегенде мугалимдик кесиптин кадыр-баркын, аброюн көтөрүү керектигин баса белгилейт. Андан кийин окуу-усулдук технологияларды өркүндөтүү менен окуу китептеринин сапатын жакшыртуу болуп саналат. Өлкөнүн булуң-бурчундагы баардык мектептердин абалы, курулуштары да ар дайым анын көзөмөлүндө турат.
Алакандай Кыргызстан үчүн 76 университет көп экени ырас. Ошон үчүн аларды да четинен кошуп, кыскартып, эң негизгиси, адистерди даярдоонун сапатын көтөрүү, эмгек рыногуна жарамдуу, жарышта таймаша ала турган заманбап кадрларды даярдоо башкы максат болуп кала берет. ЖОЖдордун рейтингин көтөрүү, дүйнөлүк мыкты университеттердин катарына кошулган алдыңкы окуу жайларды көбөйтүү, сандан сапатка өтүү – алдыда турган кезектеги милдеттерден.
Минтип көйгөйү көп билим берүү системасынын ишин илгиртпей алып кеткенге Алмазбек Бейшеналиевдин саясый тажрыйбасы, адистик камылгасы, илимий-теориялык даярдыгы шайма-шай эле. Ошон үчүн дайындалгандын эртеси эле ишке шымаланып киришти. Башкаларга окшоп “эки-үч ай иш менен таанышам, андан кийин иштеп баштайм” деп ыргылжың болуп отурган жок. Американын, Батыштын университеттеринде алган тажрыйбасы чоң таяныч болуп, тоолуу өлкөбүздүн дүйнөлүк билим берүү жаатында көптүн арасында, көчтүн карасында эптеп келаткан системасын алдыңкы сапка чыгаруу үчүн бел чечпей иштеп жатат. Тармакты өнүктүрүү үчүн инвестицияларды тартып келүүгө да шымаланып киришип, эл аралык каржылык уюмдар менен конструктивдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
Чечкиндүү кадамдары менен министр А.Бейшеналиевдин жасап жаткан реформалары жакын арада өз жемишин берсе керек (!) деп ишенип туралы.
"Азия Ньюс" гезити











