Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мээрбек Мискенбаев: “Жээнбековдун командасы, анын коркок генералдары жоопко тартылат, чындык баары бир жеңет!”

Мээрбек Мискенбаев: “Жээнбековдун командасы, анын коркок генералдары жоопко тартылат, чындык баары бир жеңет!”

01-сентябрь, 18:02
2 447 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Мээрбек, Кой-Таш окуясы боюнча сот процесси кайсы чекке жеткени, кандай уланып атканы коомчулукка белгисиз... 

-- Азыр сот жабырлануучуларды жана “Альфа” кызматкерлерин сурап атат. Алар баягыдай эле беткап тагынып келип, көрсөтмөлөрдү берүүдө, “биз эчтеке кылган жокпуз. Жөн эле турсак таш менен уруп, жарадар кылып салды” дешип. Чын-чынына келгенде, “Альфа” кызматкерлери ушундай көрсөтмө берип аткандары аябай уят нерсе. Кундуз Жолдубаева, Асел Кодуранова, Ирина Карамушкиналарды көргөзүп, “ушулар бизди сабап, автоматтарыбызды тартып алган” дешүүдө. Бул “Альфа” кызматкерлерине абийир апкелбейт, өтө уят иш. Биз сотторго “ошо кезде катардагы эки миңге жакын жарандарыбыз Арашан айылынан келип, ИИМ кызматкерлеринен, спецназдардан катуу жаракат алышкан, алды майып болуп калгандары бар. Аларга ким жооп берет?” деп атабыз. Биз баарыбыз билебиз, тартылган тасмаларда турат, ошол эле спецназдын балдары короого кирип келип, андагы адамдарды ит аткандай атып киришкенин. Азыркы сот процесси Жээнбековдун тушундагыдай эле кайталанып аткансыйт. 

-- Ошол убакта бийлик башында турган Сооронбай Жээнбеков, Орозбек Опумбаев, Кашкар Жунушалиев жана Өткүрбек Жамшитов сыяктуу саясый фигуралар суралабы?

-- Биз бул боюнча дагы деле сотторго “Сооронбай Жээнбеков, Орозбек Опумбаев, Кашкар Жунушалиев жана Өткүрбек Жамшитовдорду чакыралы” деп айтып атабыз. Алар кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп коюп, качып жүрүшөт. Айтор, сот бир тараптуу, акыйкатсыз жүрүүдө. 

-- Мыйзам алкагында адилеттикке жетсе болобу?

-- Соттук ишти артка кайтартып, тергөөгө жогоруда аты аталган мурунку жетекчилерди чакырып, адилеттүү, акыйкат тергелсе, чындык чыкмак. Учурда биздин үнүбүздү уккан эч ким жок. Сот процесси “Альфа” кызматкерлери катышып аткандыктан, жабык өтүүдө. Журналисттердин бирөөсүн да киргизген жок. Бийлик өздөрү каалагандай калчап атат. Бир кезде президент Садыр Жапаров “баардык соттор ачык-айкын, адилеттүү болот” деди эле, андайды көрбөй атабыз. Бирок  убакыт келет, Жээнбековдун командасы, анын коркок генералдары жоопко тартылат, чындык баары бир жеңет, адилеттүүлүктүн акырына чыгабыз!


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер