Улукбек Марипов “Пирад” саунасында кыздар менен чартаңбай тептиби?
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов соңку убакта катуу чарчап жүрөбү, айтор, жакында катуу чардаганы жашыруун маалымат катары бизге жетти. Эмесе, бул боюнча өзүнө суроо салалы.
-- Улукбек мырза, 20-июнь, демалыш күнү “Пирад” саунасына тымызын барып, көңүл ачканыңыз ыраспы? Аябай шаттуу маанайда чардаганыңыз УКМКнын күзөт кызматына чейин билинсе, таңгалгандарды туйдуңузбу? Улам-улам “керме каштарды” алдырып, жипке тизген шурудай эле тандаганыңызды, калчаганыңызды моюнга аласызбы? Жогорку даражадагы кызматта туруп, көпкөн коммерсанттардын деңгээлинде шапар тептиңизби? Кандай баа берсек болот? Сиздин көшөгө артындагы деңгээлиңиз ушундай пас беле?
Ток этерине келсек, мындай “ысык” кабарды суроо иретинде берүүгө туура келди. “Шибегени капка ката албайсың”, “Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” деген макалдарды эстеп, тикелей өзүңүзгө коңгуроо кагып турган чагыбыз.
"Азия Ньюс" гезити