Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Динара Руслан: “Улуттук стартап” хакатонуна катышып жаткандардын саны 100 командага жетти”

Динара Руслан: “Улуттук стартап” хакатонуна катышып жаткандардын саны 100 командага жетти”

12-сентябрь, 19:30
413 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Кыргызпатент” менен CODIFY IT компаниясы биргеликте 16-17-сентябрда “Улуттук стартап” хакатонун өткөрүү алдында турат. Бул ири иш-чара тууралуу кеңири маалымат берүү, алуу максатында CODIFY IT компаниясынын директору Динара Руслан менен маек курдук.

-- Динара айым, абдан чоң масштабада “Улутук стартап” хакатону өткөнү турган экен. Хакатон тууралуу алгач түшүнүк берип кетсең?  

-- Хакатонду чечмелей кетсем, хак – бул англис тилинен алганда “жаратуу”. Хакатон – командалар чогулуп, мобилдик тиркеменин, веб-сервистин же башка продукттун прототибин түзө турган мелдеш. 

Хакатондо стартап демилге ээлери өздөрүнүн идеясын ишке ашырууга жол издеп, демөөрчү компаниялардан келген адистер менен таанышып, долбоорун алгачкы сыноодон өткөрүүгө шарт түзүлөт. Айрымдар байге фондун алганы келишет. Байгеге сертификаттар же акчалай сыйлыктар коюлат. Мындай иш-чаралар инвестор, өнөктөш же иш берүүчү табуу үчүн жакшы мүмкүнчүлүк.

-- Жаштар үчүн абдан керектүү, жашоолоруна жаңы нук тартуулай турган улуттук долбоор экен. Кандай командалар катышууда?

-- Искусственный интеллект, андан тышкары, туризм тармагына мейманканалар жазылышты. Өндүрүш тармагынан бал чыгарган, как чыгарган, улуттук буюмдарды, шырдактарды жасаган уздар да кошулуп башташты. Региондордон да долбоорлор келип жатат. Музыка жааты боюнча да кызыккандар арбын. Окурмандарга айтарым, азыр катышып жаткандардын саны 100 командага жетти. Буга 1000 командага чейин катышса болот. 14-сентябрга чейин эшигибиз ачык. Инстаграмда, менин соцалдык баракчамда, IT академиябыздын баракчаларында шилтемелерибиз бар. “Мен IT тармагында болбосом деле катыша берсем болобу?” деген суроолор көп болуп жатат. Албетте, кайсы индустрияда, же кайсы шаар, аймактарда болсоңуз да каттоодон өтүп, идеяңызды жазсаңыз болот. 

-- 16-сентябрь күнү кандай иш-чаралар күтүп турат?

-- 16-сентябрда атайын мастер-класстарды өтөбүз. IT инструменттерди, сайттарды, мобилдик тиркемелерди код жазбай, разработкасы жок эле даяр инструменттер менен бизнесиңизди кантип маалыматтык деңгээлде көтөрүү боюнча айтылат. Экинчиден, ал жактан көптөгөн IT адистери, эң мыкты стартап негиздөөчүлөрү менен таанышып, анан ар бир стартап негиздөөчүгө өз суроолоруңузду берип, жоопторду ала аласыз. Андан тышкары, дүйнө жүзүндө ар кайсы өлкөлөрдө иштеген адистер (IT, Google) менен пикир алышууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бизде 15 миң доллар байге фондусу бар. Бул байгени алдыңкы үч орунга ээ болгон командалар алып кетет. Биздин өнөктөштөрдүн да атайын байгелери бар. Андан тышкары, 20-сентябрда “Кыргызпатенттин” инновациялык IT  борборунда командалар калыстарга өз идеяларын сунуш кылышат. Алар үчүн да атайын байгелер коюлган. Мындан башка да 50 командага бизнес идеяны кантип ишке ашыруу боюнча акысыз курс өтөбүз. Андыктан, кандай идеяңыз болсо да коркпой, уялбай, каттоодон өтүп, катышсаңыздар болот.


Жамиля Нурманбетова 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер