Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кенесарынын өлүмү

Кенесарынын өлүмү

17-август, 23:56
774 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өз элинин жеңиштери менен сыймыктанбаган дүйнөдө бир да эл болбойт, буга кошумчалап, “бир гана кыргыздан башка” деп койсок жарашат. Дүйнөдө адамзат жаралганы ар бир эл миңдеген согуштарды башынан өткөрүп, кагылыштардын күчү менен гана өзүнүн элдүүлүгүн сактап келишкен. Ал согуштар чоңбу же чаканбы, баары бирдей эле мааниге ээ. Ошондуктан көп өлкөлөрдө Ата мекен үчүн согуш болгон жерлерин ыйык тутушуп, ар дайым эл-жери үчүн курман болгондорду эскерип гүл коюшуп, театрлашкан көрсөтүүнү, ж.б. маданий иш-чараларды уюштурушуп, кадырлашып, барктап келишет. Мектеп окуучуларына согуш болгон жерлерди кыдыртып, өз көздөрү менен көрсөтүп, ал согуштар жөнүндө кеңири маалымат берүү мектептин программасына кирген. Мындай иш-чаралар келечек муундарды Ата мекендин ыйыктыгын баалоого, патриоттуулукка тарбиялайт. Мисалы, орустун чоңунан кичинесине чейин, министринен БОМЖуна чейин Чуд көлүндөгү салгылашуу, Куликово талаасындагы кагылышууну алсак, Бородинону уктап жатса ойготсоң жатка айтып берет. Ошондуктан орустар дүйнөнүн 6:1 ээлеген баатыр эл, улуу империя.

 Ал эми кыргыздарчы? Ата-бабаларыбыз бизди эч кимге көз каранды эмес, өз алдынча мамлекетте, өз тагдырын өзү чечип, эркин жашатыш үчүн далай канын төгүп, жанын кыйып, бирде жеңсе, бирде жеңилип, жүздөгөн согуштарды баштарынан өткөрүп келишкен. Алардын айрымдары тарых беттерине жазылып калса, көпчүлүгү жазылбай да калган. Ошол согуштардын ичинен эң мыкаачылыгы, канкордугу менен айырмаланган саясый жагынан да зор мааниге ээ бул 1845-47-жылдар. Кенесары хандын колуна каршы бир жарым жылга созулган Ата мекендик согуш. Балким, андан мурда деле мындай согуштар болгондур, бирок ал согуштар туурасында тарыхий документтер аз. Ал эми кенесарычыларга каршы согуш баштан-аяк тарыхий документтерде кеңири чагылдырылып калган. 

Бул кыргыз элин тукум курут кылуудан сактап калган Ата мекендик согуш туурасында Кенесарынын колун жеңген кыргыздарда азырка чейин санжыра деңгээлинде эле маалымат болсо, орустарда 19-кылымдын орто чендеринен баштап эле илимий деңгээлде изилдене баштаганы белгилүү. Алгачкылардан болуп 1846-жылы Барон Услардын, М.Венюков, Н.А.Середа, генералдык штабдын офицерлери Л.Мейер, М.Красовский, А.И.Добромыслов, Е.Т.Смирнов, генералдык штабдын полковниги А.Г.Серебренников, согуш тарыхын изилдеген офицерлер М.А.Терентьев, А.И.Макшеев ж.б. ондогон изилдөөлөрдү жүргүзүп, макалаларын, китептерин чыгарышкан. 

Казак элинин коомдук жана саясый ишмери, кийин “Алаш” партиясынын негиздөөчүсү Алихан Букейхановдун “Материалы к изучению султана Кенесары Касымова”. Немис окумуштуусу Э.Саркисянцтын “История восточных народов России до 1917-г.” деген эмгектери. Адольф Михайлович Янушкевич (1803-1857 гг.). Польшанын жана БелРоссиянын акыны, этнограф, революционер, саякатчы жана жазуучу польшадагы көтөрүлүштүн капшабы менен Казакстанда саясый сүргүндө болгон. Ал 24 жыл казак жергесинде жашаган мезгилде өз көзү менен көргөндөрүн «Дневники и письма из путешествий по киргизским степям» деген эскермелеринде, “Киргизы” деген поэмасында чагылдырат.

Булардын ичинен эң көп архивдик жана башка документтерди (рапорттор, кат алышуулар) колдонуп, ошол согуштун катышуучулары, туткунда болгондор, лазутчиктерден, тыңчылардан, кербенчилерден ж.б. сураштырып, баардыгы 200дөй материалдын негизинде жазган администратор, край таануучу, публицист, Оренбург, Самара генерал-губернаторлугунда Тургайда чоң кызматтарды аркалаган Н.А.Середанын “Бунт киргизского султана Кенесары Касымова”, А.И.Добормысловдун “Тургайская область, Исторический очерк”, А.Г.Серебренниковдун “Сборник материалов для истории завоевания Туркестанского края”. А.Янушкевича«Дневники и письма из путешествий по киргизским степям» деген эмгектери айрыкча алгылыктуу. 

Советтик доордо Кенесарынын ишмердигин изилдөөнүн 2-этабы башталып, жүздөгөн макалалар, илимий эмгектер, бүткүл союздук конференция, бир нече диссертациялар жакталган. СССР ИАнын тарых институтунда, Казак ССР ИАсында бир нече талкуулар өткөн эле. Бул темага көбүрөөк көңүл буруп изилдеген Е.Б.Бекмаханов сыяктуу окумуштуулар бир сыйра түрмөгө да отуруп чыгышкан. 

Кыргызстанда болсо алгачкылардан болуп Белек Солтоноев (1878-1938) жана фольклорчу, “Манас” изилдөөчү Ыбырайым Абдырахманов (1888-1967) иликтөөгө бир топ эмгек кылышып, санжыра деңгээлинде маалымат берип кетишкен. Анткени алардын архивдик материалдарга жүйөлүү себептер менен колдору жеткен эмес. Өткөн кылымдын алтымышынчы жылдарында академик Б.Жамгырчинов аз да болсо архивдик материалдарды колдонуп, бул темага өтө кылдаттык менен бир аз көңүл бурган. Анүстүнө архивдик материалдар негизинен Санкт-Петербургдун башкы архивинде, Ташкенттеги Өзбек Республикасынын мамлекеттик архивинде. Оренбург облустук мамлекеттик архивинде, Москвадагы АВПРИ жана Россия мамлекеттик согуштук тарых архивинде, айрыкча Омск облустук мамлекеттик архивинен Катанаевдин 366 фондунда Кенесарынын кыргыздан кантип жеңилгендиги туурасында материалдар кеңири берилген дейт. Андан башка фонд 67 (Сибирь казактарынын аскердик чарба башкармалыгы), фонд 4 Батыш Сибирь башкы башкармалыгынын, фонд 2200 (Палешенковдун фонду) Кыргызстандан сырткары жайгашкандыктан, албетте, каражатка байланыштуу каалагандар эле барып пайдалана албайт. 

Ырас, советтик убакта изилдеткен эмес. Андан көрө “Ташматов колхозунун өнүгүү тарыхы”, “Мыркымбай совхозунун гүлдөшү” деген сыяктуу “илимий ачылыштарды” жасашып, илимдин кандидаты, доктору, профессор, академик боло беришкен. 

Азыр таш ыргытсаң тарыхчы, профессор, академиктердин башына тийет. Ошолордун биринин бул ыйык согуш туурасында изилдеп, толук кандуу илимий эмгек жазганын көрө албадым. Илимий эмгекти мындай кой, бул теманы оңдуурак билген бир окумуштуу тарыхчы бар бекен? Билсе да, санжыра деңгээлинен көтөрүлө алышпайт. Санжыра деген санжыра, негизги окуянын өзөгү туура айтылганы менен окуянын жүрүшүн ар ким өз уруусуна ылайыктап каякка бурсаң кете берет да. Анүстүнө ал кезде ММК болбогондуктан, убагында согушту майтарган жоокерлер айылына барганда “биз жеңип келдик” десе, карапайым эл, “и-и, биздин эле уруу жеңген экен” деген түшүнүктө калышкан. Андан ары “дело техники” деп орусча айткандай, ким катуурак кыйкырса, ошонуку айтылып кала берген. Натыйжада илимий деп аталган эмгектер санжыра деңгээлинен көтөрүлө албай, ар ким өз билгенин айтып, чаржайыт маалымат таратып жатышат. (Ошондой адатыбыз бар экен. Бир ушак-айың уга калсак, анын чын-төгүнүн аныктабай эле соцтармактарга шашат экенбиз. Атың чыкпаса жер өрттө дегендей). Азыркы архивдик материалдарга колдору кенен жеткен заманбап тарыхчыларыбыз дээрлик баары бул теманы өз эмгектеринде үстүртөн чырпып өтүшөт. Көпчүлүгү бейлөө (анализ) жүргүзбөстөн бириникин бири көчүрүшүп, “баланча архивде мындай жазылган, түкүнчө архивде тигиндей” деп санап коюу менен гана чектелишет. Бирок ал окуя болуп өткөн айылдардын элдеринен сурамжылоо жүргүзүп, салыштырышкан эмес. Азыр сураштырганга да кеч болуп калды. Анткени учурунда бул согушту ийне-жибине чейин айткан Жамангара Агыбайды кайсы жерден сайып түшүрүп, Агыбай кайсы камышты аралай качканына чейин, Кенесары кайсы кечүү менен келип, кай камышты арлай качканына дейре дастан кылып да, кара сөз менен да айткан карылар азыр жок. Айрымдары кээ бир уруулардын же жеке адамдын атайын буюртмасы менен барып, ошол уруулар туурасында гана маалымат алып келишет. Айрым учурда архивдик материалдардын түп нускасы изилдөөчүлөр тарабынан өз кызыкчылыгына ылайыкташылып бурмаланып калган учурлар да кездешпей койбойт. 

Мисалы, 1846-жылы жазда болгон Мазарлуу Карасуудагы салгылашуу туурасында Жантай Карабековдун 1848-жылы 10-сентябрда Батыш Сибирь генерал-губернатору П.Д.Горчаковго жазган катында “В рассуждении Кенесары я и много оказал услуг, во время первого его пришествия его, я истребил у него 7000 человек, да и с моей стороны много погибло людей” дейт. АВПРИ (Архив внешней политики МИД России) Ф.СПб.Главный архив. 1-7.Оп.6.1844.Д.1.Л.18-23. (Кыргызстан-Россия 18-19-в. 131-6).

Ал эми ошол эле кат Казак Республикасынын борбордук мамлекеттик архивинде Ф.374,оп.1,д. 1921.4-барак. “Кенесары с 7 тысячью воинами напал на нас, тогда столько же моих братья храбрецов лишились жизни, напоследок с божей помощью мы из 7 тысяч многих погубили. Сам Кенесары спасся с бегством” дейт. Бул эки каттын кайсынысы чын, кимиси бурмалады же Жантай хан эки башка кат жазганы белгисиз. 

“Өткөн өттү, кеткен кетти. Бир тууган эл болсок, эми ошол эски жараны козгоонун кажети бар беле?” деп сурап калышыңыздар мүмкүн. Албетте, жок. Анүстүнө бир тууган элдин үстүнөн болгон жеңишти көбүртүп-жабыртып айтып мактанып, “биз жеңдик” деп төш каккылай бергенди эп көрбөгөн айкөлдүк бар эмеспи элибиздин канында. Кийинки эле отузунчу жылдардагы ачарчылыкта кыргыздар үч жүз миң казак боордошторду аман алып калган экен. Бир кыргызды көрөлекмин “силерди сактап калганбыз” деп төшүн каккылаганын. Бирок, адам болгондон кийин пендечилик деген калбайт тура. Коомдобу же жамаат ичиндеби, ал гана эмес үй-бүлөдө деле өз таламыңды талашпай, укугуңдан пайдаланбай, “акыры чындык жеңет” деп коюп унчукпай койсоң, анда сага кыйкырып, анан сөйкөнүп, акыры барып мойнуңа минип, ачуу чындыкты ачыкка чыгарып көзгө сайып көрсөтмөйүн “уурусу күч болсо, ээси доого жыгылат” дегендей, айткан ушагынан, карасанатай иштеринен ырахат алышат тура

Эки элдин ортосунда чырдаша турганга шылтоо да болгон эмес, кыргыздар казактын жерине бир кадам да аттаган эмес. Кенесары (жер жамандап барбасын) эч себепсиз уңгучулук менен кыргыз жерин басып келип, адам баласынын оюна келбеген мыкаачылык, канкорлук менен элге бүлүк салып, маскара болуп жеңилди. Муну бүткүл дүйнөдөгү эксперттерди чогултуп келип талдатса деле айтышат. Ал гана эмес, чыныгы геноцит катары баалсак болот (ага кийинчерээк токтолобуз). Бирок казак туугандардын айрым тарыхчылары “жеңгендер кеп кылбагандан кийин “жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын” дештин ордуна эзелки өткөн окуяга эми ичкүйдүлүгүн чыгарышып, Кенесарыны ченде жок баатыр, акылман, гумманист кылышып, жерлердин баарына эстеликтерин орнотуп, анын аты менен чоң көчөлөр аталып, мектептерде, ЖОЖдордо окутулуп жатат. Албетте, жөн эле окутулбай, Кенесарыга кол куушуруп багынып бербестен, аны жеңип, өз элинин эркиндигин сактап калган кыргыздарды фантазиясынын жетишинче мокочо кылып көрсөтүшүүдө (алардын ою боюнча кыргыздар Кенесарыга кол куушуруп эле жеңилип бергенде болмок экен). ММКларда, соцтармактарда “Кенесарынын этин кыргыздар жеп салышкан”, “кыргыздар Кенесарыдан тукум алып калыш үчүн кыздарын салып беришкен”, “алдап чакырып барып өлтүрүп салышкан”... Айрым учурда фантазиялары чектен чыгып кетип, анекдотко айланууда. Мисалы, “Казакстан тарихин” жазган профессор Мусин Чапай кыргыздарды пулемёт менен ок жаадыртып коюптур (пулемёт бул согуштан элүү жылча кийин, 1896-жылы пайда болгон) анекдот болбосоң коё кал! Бишкектин борборуна келип алышып, “Кенесарынын башын бергиле” деп пикет кылган учурлар да бар. “Уурусу күч болсо, ээси доого жыгылат” деген ушу экен да. Мындай эки элдин достугуна доо кетип жаткан учурда мамлекет башчылар, тышкы иштер министирлиги үн катып, “Нураке (же азыр Касыке), тиги ээн ооздоруңузду кой деп койсоңуз” дегенге жарашпады. Же тарыхчыларыбыз архивдик материалдарды толук колдонуп, фактыларды көрсөтүп, жарытылуу эмгек жаратышпады.

Эми бул жеңилгендердин синдрому дечи. Чүкө атышып атып утулуп калсак деле эптеп бир шылтоо айтабыз да. Жаман жери, өзүбүздөн чыккан маңкурттар ошол казак туугандардын фантазиясына ишенип алышып, соцтармактарга алардын ушактарын кайталап жайып жатышат. Балким, аларга төлөп жатышкандыр. Өзүңүздөр күбө болдуңуздар, Өсөров деген “Кенесары кыргыздан жардам сурап келсе, башын кесип салышкан. Кенесарыга Бишкекке эстелик тургузуш керек” деп чыкты. Дагы бирөө “Кенесары орусту Оролду ашырабыз деп жардам сурап келсе, кыргыздар жардам бербей койгон”, YouTube’да сүйлөп келетат: “Кыргыздар кол куушуруп эле оруска кошулуп кеткен, ошол да эрдикпи? Кенесары болсо курал алып согушкан” деген сыяктуу эч негизсиз элибиздин аброюна шек келтире турган маалыматтарды таратып атышат. Ал эми жакында эле абройлуу ырчыбыз эмне деп тантыганына баарыбыз күбө болдук. Бул да болсо маалыматтын жоктугу, тарыхчыларыбыздын чабалдыгынан популисттер озуп чыгып, соцтармактар аркылуу оозуна келгенди “оттоп” жатышат. Казак туугандардын айрым ээн ооздорунун чырагына май тамып, ансайын күчөп, шыбаганы чектен чыгууда.

Согуштун чыгуу себептери: Кенесары Касымов. 1802-1847-жыл. Абылай хандын небереси. 1837-жылы эле атасы Касым көзүнүн тирүүсүндө Кенесарыга орто жүздүн эки тизгин бир чылбырын колуна берет. Кенесарынын ата-бабалары андан жүз жылча мурда эле 1731-жылы казактын кичи жүзү, кийинчээрек 1740-жылдарда орто жүз Россиянын курамына ант берип, кол коюп берип, өз ыктыяры менен кирген. Жүздөрдүн бийлик башында хандар турчу. Орус бийлигинин макулдугу менен бийлик атадан балага мурас катары өтүп, салт боюнча ак кийизге салынып хан көтөрүлгөн. Бирок ал хандар ар дайым анттарын бузушуп, бир эле убакта калмак бийлигине ыктаса, бирде кытай бийлигине ыкташып, эки-үч ача саясат жүргүзүп келишкен. Мисалы, Абулмамбет, Көкжал Барак калмак хандарына балдарын аманатка берип, Галдан Церендин буйругун аткарып турушса, Абылай хан Амурсанага кошулуп алып, кытай аскерине каршы согушканы белгилүү. Валихан төрө менен Губайдулла кытай мамлекетине кошулууга ниеттерин билдиришкен. Ошол жагдайга байланыштуу 1822-жылы түзүлгөн “Сибирь кыргыздарынын уставы” боюнча орус бийлиги тарабынан башкарууга ылайыкташтырылып, жүздөр округдарга, анан болуштуктарга чачыратылат. Хандык бийлик жоюлуп, округдарды улук султандар башкарып калган. Бул устав боюнча Касым, Кенесары да болгону майорлук чин менен округдун улук султаны болушуп, болуштар тарабынан шайланып турушмак. Мындай түзүлүш Абылай хандын уулдары менен неберелерин, анын ичинде Кенесарыны да канааттандырган эмес. Бирок Кенесарынын орус падышасына, Оренбург жана Батыш-Сибирь генерал-губернаторуна жазган каттарынын биринде да жалпы казак элине өз алдынчалыкты жана Россиянын курамынан чыгарууну суранган эмес. Болгону ошол кездеги өкүм сүргөн административдик түзүлүштү гана өзгөртүүнү өтүнгөн, башкача айтканда, Россиянын курамындагы эле мурдагы хандыкты калыбына келтирүүгө умтулат. Акыры Касым хандын суроо-талабы орус бийлиги тарабынан четке кагылгандан кийин,1825-жылы 40 миң түтүнү менен Кокон хандыгын көздөй ыктайт. 1832-жылы Ташкенттин беги Мухаммедалим кошунбеги (өзбекче кушбеги) Касымдын инилери Саржан, Эсенгелди жана Саржандын уулу Алжанды “чыккынчылык кылдың” деген шылтоо менен Олуя-Атада дарга астырат. Бул окуядан кийин Касым хан Кокон бийлигинен баш тартат, бирок кийин өзү да кокондуктардын колунан шейит болот. Кенесары да бир жылча Ташкентте зынданда жаткан. Кийин Мадали хандын кийлигишүүсү менен бошотулган. 

1841-жылы сентябрь айында Кенесары казактын үч жүзүнүн башын кошуп, атасы Касымга чоң аш берет. Аштын аягында жалпы казактардын ак сөөк төрөлөрүнүн курултайы өткөрүлүп, анын жыйынтыгында Кенесарыны ак кийизге салып, жалпы казак элине расмий түрдө хандыкка көтөрүшөт, ал атасынын иштерин улантууга киришет. Өзүңөр көргөндөй, Кенесарынын улуттук боштондук кыймылы биздин үркүн сыяктуу эле болгон. Адегенде жагдайга байланыштуу өз ыктыяры менен Россияга кошулуп алышып, кийин алардын акыйкатсыз бийлигине, зомбулугуна каршы чыгышат. 

Көтөрүлүш баштан-аяк он жылга жакын созулган. Бул жерде Батыш Сибирь генерал губернатору П.Д.Горчаков менен Оренбург генерал губернатору граф В.А.Перовскийдин атаандашуулары чоң роль ойногон. Кенесары падыша Николай Iнин ишеничтүү жакын адамы граф Перовскийдин колдоосуна тянып алып, коңшу Батыш Сибирь генерал губернатору П.Д.Горчаковдун башкаруусундагы Кенесарыга кошулгусу келбеген казактардын айылдарын чаап, мал-мүлкүн айдап кетип, тынчтык бербей турган. Ошондой эле дуулат элин, кичүү жүз казактарынын алчын, жаппас, чүмкөй урууларын аёосуз талкалайт. Бул аймактан өткөн кербендерди тоноп, айрым учурда орустар жашаган станцияларды да чапкан. Горчаковдун кайрылууларын Перовский четке кагып, бул жөн гана жалаа катары кабыл алып, чара колдонбойт. Кенесарыны “өз элин сүйгөн патриот” деп мактап, падышага оң мүнөздөмө берип, туура эмес кылган иштерин кечиртип, мунапыс алып берип турган. Кенесары болсо өз кылыктарын уланта берет. Акыры ага калканыч катары келген Перовский, Оренбург губерниясын таштап, башка ишке которулганда, анын ордуна келген В.А.Обручев Кенесарынын кылык жоруктарына иштиктүү чараларды көрө баштайт. Эми хандыкты калыбына келтирүү максаты ишке ашпасына көзү жеткен Кенесары ошол кезде орустун курамына кирелек улуу жүз казактары жайгашкан Жети-Сууну көздөй бүт айылы менен көчүп жөнөйт. 

Максатын төмөнкү документтен караңыз:

Цель передвижения и сношений хана была следующая: подчинить себе кара-киргизов и Большую орду, зимовать на р. Чу, летовать на Уч-Алматы, жить в мире с Россией и Китаем и воспользоваться этим миром для взыскания хуна с кокандцев за убийство отца и братьев». ( А.Кенесарин. Султаны Кенесары и Сыздык. 21-бет. Ташкент. 1889-ж) 

Эми бул документти караңыз. “Кинесары перед отьездом Джалмамбета еще снарядил 3 тысячи человек и с ними сам поехал на дикокаменных киргизов уже с Кокчетав. Прощаясь же с Джалмамбетом, сказал ему, что, воротившись из этого набега, пойдет на прежние места на Тургае и прочие и предоставит себя совершенно воле русских, против которых не имеет никаких дурных замыслов” (Национально освободительная борьба казахского народа под предводительством Кенесары Касымова. Сборник документов. 459-бет. Каз. Респ. Борбордук Мамлекеттик архиви. Ф.4.оп, д.2378. 136-137-беттер )

Ошондой эле Н.А.Середанын «Бунт киргизского султана Кенисары Қасимова» //Вестник Европы, 1871 года. №8, интернет барактарында 688 стр: “Вслед за покорением Кокуй-Кульских киргизов Кенесары двинулся на обитающих в горах Ала-Тау дико-каменных киргиз с целью подчинить их к своей власти, идти на Коканд провозгласить себя Кокандским ханом”. 

«Цель моего прихода сюда не враждовать и проливать кровь, а соединить силы киргизов и кара-киргизов в одно, отделить их от Коканда и вообще освободить от притеснений кокандцев ( А.Кенесарин. Султаны Кенесары и Сыздык.

Жогорудагы ар башка документтерде бирдей айтылып тургандай, Кенесарынын эмки бир гана максаты, кыргыздар менен улуу жүз казактарын өзүнө баш ийдирип, алардын күчү менен Коконго хан болуу эле. Орус бийлигине койгон дооматтарын биротоло унуткан. Ал гана эмес, документтерде айтып тургандай, алар менен достукта жашагысы келет. Алгач улуу жүз казактарын коркутуп-үркүтүп, “тынчтык” жолу менен баш ийдиргенден кийин, кыргыздарды көздөй бет алат. Ошентип 1845-жылы күздө кыргыздардын Кенесары хандын колуна каршы бир жарым жылга созулган Ата мекендик согушу башталат. Быйыл ага 180 жыл толот. Өзгөчө мыкаачылыгы менен айырмаланган бул согушта баштан-аяк ондон ашык кандуу кагылышуулар болгон. Элдик санжыралар менен архивдик материалдар дал келген 8 чоң согуш (ар бир тараптан эки миңден ашык жоокер катышкан) тутанат. Андан башка майда согуштар да болуп турган. Мисалы, Солтонун Бөлөкбай уругунун 70 жигити Жамангаранын кунун кууп, Шооркутун айылын чабышы сыяктуу. А.Кенесарин кышка чейин дагы үч кагылышуу болгонун эскерет. Жантай Карабековдун Батыш Сибирь генерал-губернаторуна жазган катында: Кенесары кышы бою тынчтык бербей, көп кагылышуулар уланганын айтат. Бул согушка кабар жеткенине жараша дээрлик баардык кыргыз уруулары катышкан. Бирок көпчүлүк согуштар бир күндөн ашкан эмес. Элестетиңиз, ошондо согуш башталары менен кабарга кеткен чабарман Боомго же Чалдыбарга жетелекте эле согуш бүтүп калып атпайбы. Болгону мазарлуу Кара-Суу-Мыкындагы согуш 3 күнгө жана Текеликтин Сеңириндеги чечүүчү кагылыш он чакты күнгө созулган. Ал кезде жалпыга маалымат берген ММК болгон эмес. Ошондуктан айрым уруунун өкүлдөрү бир эле согушка катышса да, “Кенесарыны биздин эле уруу жеңген” деген түшүнүктө калышкан.

(Уландысы бар)


Кадырбек Жекшелаев, тарых изилдөөчү  

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер