Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Замир АЙЫЛЧИЕВ, дипломат: “Түркиядагы ишкерлердин, мигранттардын көйгөйлөрү, үндөрү жогору жакка жетпей келет”

Замир АЙЫЛЧИЕВ, дипломат: “Түркиядагы ишкерлердин, мигранттардын көйгөйлөрү, үндөрү жогору жакка жетпей келет”

22-ноябрь, 11:13
1 935 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Замир мырза, Түркиянын Стамбул шаарындагы Кыргызстандын башкы консулдугу кызматын аткарып жаткан Эркин Сопоковдун иши чырлуу аяктады. Ал орунга талапкерлигиңди сунуштап жаткан экенсиң. Ал жактагы көйгөйлөрдү чечүүгө кандай идеялар бар?

-- Бул кечээ, же бүгүн эле жаралган идея эмес. Мурда Түркияда беш жылга жакын эл аралык компанияларда иштегем. Кесибим боюнча дипломатмын. Кыргызстандын мигранттарынын көйгөйүн жонтерим менен түшүнөм. Ал жактагы көптөгөн мигранттарбыздын, студенттерибиздин, ишкерлерибиздин көйгөйлөрү, үндөрү жогору жакка жетпей келет. Биринчиден, ошол себептер болду. Максаттарыбыз, идеяларыбыз аябай көп. Чындыгында элдин жоопкерчилиги биринчи орунда турат. Элге жаркын келечек тартуулагым келип, ушул чечимге келдим. Консулдукка барып, өзүм көрүп жүргөн, мекендештер азабын тарткан көйгөйлөрдү чечким келди. 

Биздин мигранттар документ жагынан көп мүчүлүштүктөргө учурашат. Анан кыйналышат. Түркияда биздин 30 миңге жакын мигранттарыбыз бар. Алардын 7 миңи гана расмий түрдө иштешет. Алардын документтерин толук кандуу бүтүрүп, маалымат берип туруу зарыл. 7 миң адамдан башкасы бейрасмийлер. Алар Кыргызстанга кайтып келгенде социалдык абалы кандай болот? Мисалы, өткөн жылы президентибиз Сооронбай Жээнбеков Түркияга барып, Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушканда, документ маселеси көтөрүлгөн, бирок андан ары жылыш жок. Бул биздин ал жактагы кыймылдабай жаткан адамдардын ишинен кабар берет. Бейрасмий иштегендер жашоого уруксат кагазын алышат. Кыргыздар үчүн өтө кымбат. Ал эми Борбор Азиядан барган өзбектер, тажиктер, түркмөндөргө баа алда канча төмөнүрөөк. Бул маселени карап чыгуу, чечүү идеясы бар. Ал жактагы элчи биздин мигранттарга ата-энесиндей эле көзөмөл кылып карашы керек. 

Биз эгемендүүлүк алганда Түркия биринчилерден болуп эгемендүүлүгүбүздү колдогон. “Маданиятыбыз, салтыбыз окшош” деп көп жерден колдоого алышат. Ошол мамилени бекемдеш керек. Менин максатым: Кыргызстандын Түркиядагы консулдугун жаңы форматка чыгаруу. Кыргызстандын имиджин жогорулатып, дипломатияны өнүктүрүү. 

Өзүмдүн ондон ашык план максаттарым, реалдуу сунуштарым, кардиналдуу реформаны 100 күндүн ичинде бүтүрүү пландарым бар. Себеп дегенде, реформанын башаты жүз күндө билинет. 

-- Стамбулдагы мурдагы консулдун ишине кандай баа бересиң?

-- Мурунку консул аз убакыт иштеди. Ошон үчүн толук кандуу сындай албайм.  Дипломатиялык жактан катачылыктарды кетиргенин жашырбайм. Ошол каталарды биз оңдошубуз керек. Сопоковдун иштери комиссия жыйынтыктаган соң баары айкын болот. 

Онкологиялык оорулар менен ооруган адамдардын саны аябай көп. Ошолордун финансылык маселелери чоң. Аларга бекер квоталарды алып берүү маселесин дагы карап чыксам деген максаттар бар. Мисалы, азыркы убакта онкологиялык оорулардан дарылануу үчүн Түркияга дүйнөнүн булуң-бурчунан келишет. Кыргызстандагы бейтаптардын дарылануусуна жылына 100 квота каралат. Учурда элчилик аны 150гө көтөрдү. Мен бир эле Стамбул шаарынан 500 квота алууну пландап жатам. Андан сырткары, студенттер, мигранттар үчүн жеңилдик тартуулаган көп максаттар бар. 


Жамиля НУРМАНБЕТОВА

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер