Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Азамат Арнабек уулу: “Балыкчыга электромобиль заводун куруу демилгеси көтөрүлдү”

Азамат Арнабек уулу: “Балыкчыга электромобиль заводун куруу демилгеси көтөрүлдү”

05-июнь, 11:40
1 989 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Азамат, шаардын жетекчиси катары айтсаң, Балыкчыга электромобиль заводун куруу боюнча жакшы демилге ким тараптан болду?

-- Түштүк Корея тараптан демилге болду. Анткени, Тоң менен Балыкчы шаарынын ортосунда 500 гектардай стратегиялык багытта жер бар болчу, аларда бул боюнча толук маалыматтар бар экен. Анүстүнө Балыкчы шаары тогуз жолдун тоому, поезд каттайт. Түндүк-түштүк альтернатива жолу, мына ушу жагын карап атышат. 

-- Канча инвестициялык каражат салынары боюнча сүйлөшүлдүбү?

-- Старттык баасы 200 миллион долларлык инвестиция. Ошол эле учурда “өзүңүздөрдүн миң баланы заводдун адистигине окутабыз, мындан сырткары 10 миңдей жергиликтүү тургундар жумуш орду менен камсыз болот” дешти.

-- Эгер иш башталса, канча жылда завод курулуп, ишке киришет экен?

-- Учурда өкмөткө да киришип, сөздөрүн бышыкташып, анан жакынкы арада эле баштай турган болуп атышат. Жараткандан тиленип отурабыз. Кыргызстан эле эмес, Орто Азия мамлекеттерин камсыз кыла турган ниеттери бар экен. 

-- Завод курулуп калса жылына канча машине чыга турган кубаттуулугу бар?

-- Биринчи этапта 65 миң, кийинкилеринде 300 миңден ашык машине чыгат өңдүү, бул сандар убагында да тактала турган маселе.

-- Бир электромобилдин наркы кандай болчудай?

-- Орто эсеп менен 3 миң долларга токтойт экен. 10 жыл кепилдигин айтып атышат...  


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер