Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жеңиш МОЛДОКМАТОВ: “Кудай буюрса, келерки шайлоодо жеңишти камсыздоого “Замандаш” партиясы толук даяр”

Жеңиш МОЛДОКМАТОВ: “Кудай буюрса, келерки шайлоодо жеңишти камсыздоого “Замандаш” партиясы толук даяр”

30-декабрь, 00:24
1 878 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Жеңиш мырза, “Замандаш” партиясы дагы бир ишти демилгеледи. Айыл чарба министрлиги менен коомдук угуу уюштурду. Эмне себептен улам келип чыкты?

-- Коомдук угуу 2010-жылдан бери биринчи жолу болду. Себеби, ар бир аткаруу бийлигиндеги министрликтердин ишмердүүлүгүн парламент, өкмөт өздөрү тийешелүү баа бербесе коомчулук өзү баа берсин (!) деген максатта өткөрдүк. Ар кыл тармактагы дасыккан эксперттер келип, конструктивдүү көз караштарын, ой толгоолорун, сын пикирлерин тикелей айтып, аны канткенде оң жолго салуу жагы айтылып, чоң талкуу болду. Бир кызыгы, “коомдук угуу кылабыз деп эки жума мурун жарыя таратканыбызда, дегеле иштебеген айыл чарба министрлиги катуу иштеп, активдешкенин байкадык. Өздөрү коомчулукка чыгып, “биз иштерди кылып жатабыз” деген таризде. Демек, коомдук угууларды байма-бай өткөрүп туруу керек экенин түшүндүк.  

-- Сиздер бул ишти улантасыздарбы же башка министрликтерде муктаждыктар жок деп ойлойсуздарбы?

-- Биз мындай иш-чараны токтотпойбуз, кийинки кезекте саламаттык сактоо министрлиги, андан кийин билим берүү министрлиги сыяктуу болуп кете берет. Коомдук угуунун жакшы жери, биз ал жерден бир гана сын айтпастан, иштей албай аткан себептерин да тизмектеп берип атабыз. 

-- Жеңиш мырза, 2017-жылы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековду колдоп чыктыңыздар эле, бүгүн президент менен жеке мамилеңиз кандай?

-- 2017-жылы президенттик шайлоодо Сооронбай Шариповичти колдоп чыкканыбыз анык, бүгүн да мамлекет башчыбыз менен мамилем жакшы. 

-- Мухтар Өмүракунов учурунда жыл мыктыларын аныктап, коомчулукка мотивация кылып турчу эле. Негедир бул иш-чара токтоп калгандай...

-- 2007-жылы “Замандаш” партиясы түптөлүп, 2011-жылы Мухтарбек Сүйүналиевич кырсыктап каза болот. 2015-жылга чейин партиянын төрагалыгына ондогон киши келген. Себеби, “теңтөрага” деген система бар эле. 2015-жылы парламенттик шайлоодо “Замандаш” партиясы өз максатына жетпей калды. 2016-жылы октябрь айына чейин партия консервацияда (жабык) турду. 2017-жылы теңтөрага болдум, бирок расмий документтерге кол коюуга чектөө менен. Толук кандуу партияга 2018-жылы март айында лидер болуп жалпы съездде шайландым

-- Бир жарым жыл ичинде эмне кыла алдыңыз?

-- Уставды жаңырттык (бир лидерлик башкарууга өттүк). Структураны өзгөрттүк. Бир учурда чачылып кеткен жерлер бар эле, четинен иретке келтирдик. Партиянын программасын жаңыртып, коомчулукка алып чыгып, колдоо таптык. Баарын акырындан ордуна коюп келатабыз. Негизинен партиялаштар жана жалпы эл баа берет деп эсептейм. Ал эми сиз айткан жыл мыктыларын келерки жылдан баштап жандарууну пландаштыруудабыз. Кудай буюрса, партиянын атынан эмес, “Муктарбек Өмүракунов” фондунун атынан берилет.

-- 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо кимдер менен бирге барасыңар же өз алдынча чыгасыңарбы? Эмитен эле “бийликтин партиясы” деген кептер тарады...

-- 2020-жылдагы парламенттик шайлоо көп нерседен көз каранды. Эгер шайлоо босогосу 9 пайыз менен кала турган болсо, партиялар үчүн оор болот. Себеби, бир партияга болбоду дегенде 180-200 миң добуш алыш керек. Ал эми шайлоо босогосу 7 же 5 пайызга түшсө, кичине жеңилирээк. Баардыгы ушуну күтүүдөБүгүнкү күнү саясый тараптар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Кудай буюрса, шайлоого катышууга жана жеңишти камсыздоого “Замандаш” партиясы толук даяр.


Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер