Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Ош шаарындагы базарды жылдыруу – азыркы бийликке жасаган душманчылык”

“Ош шаарындагы базарды жылдыруу – азыркы бийликке жасаган душманчылык”

30-июль, 09:07
385 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Оштогу базар чыры кандай аяктайт дейсиз? Жергиликтүү бийлик элдин ишенимин актай алабы?

Мирлан Орозбаев, активист:

-- Бул ишти элдин талабын сезе билген, эрктүү жетекчи гана жүзөгө ашыра алат. Митингге чыгып, базарды башка жакка которууга каршыбыз дегендердин тилин тапса, абалды жөнгө салса болот. Ошондой элежеке менчик деген нерсени чечип койсо эле баары ордуна келет.

Сонунбүбү Кадырова, алпаруучу:

-- Бул базар Ошжаралганы ошол жерде болгон. Ушунча жыл эл эч нерсе болбой эле ушул базарда оокаттарын өткөрүп келишкен. Кечээ, селден кийин УКМК башчысы Камчыбек Кыдыршаевич барып, суу башчыларын суракка алганда, менде“жамгыр жаап жатса, анын үстүнө көп көлөмдөгү сууну атайылапагызып жиберишкенби?..” деген ой да пайда болду.Бул жерде аралашкан башка күчтөр бар. Ошентип элди ызы-чуу кылып, бийликке каршы көтөрүү. Эми провокацияга алдырбай,элди ыйлатпай, ошол эле базарды оңдоп берсеөтө туура болмок.Антпесе, ансыз да жабыркап турган эл жаңы орунга көнбөй кыйналат. Кыйналгандар көбөйгөн сайын нааразычылык арбый берет. Менин оюм ушул. Базарды жылдырыш керек деген акылды ким айткан болсо,ошол азыркы бийликке душман.

 Улуу Жибек жолунун нугу жаткан бул куттуу базар ордунан жылбай, кайра эски облиги менен жаңыланышы зарыл. Базарга киргенде байыркы доор чагылып турса, өзгөчө да.Чындыгында бул базар аркылуу далай соодагерлер көз кызарткан атлас, шайыларыналып өтүшкөн.Бул жерге жеткен да, жетпеген да бар. Көптөгөн дөөкарларга жылуу көрүнгөн базар эгер эскиче жаңырса, дагы көптөгөн доорлорго кызмат кылмак.Эгер ушул бойдон көгөрүп “жылдырабыз” десе, бийликке баш оору жаратышы мүмкүн.

Төлөгөн Келдибаев, саясат талдоочу:

-- Ош шаарындагы базарды башка жакка жылдыруу демилгесине базарчылардан башка эл каршы эмес. Базардагы чыр сүйлөшүү жолдору менен чечилет. Ал эми жергиликтүү бийлик элдин ишенимин актай албай калды. Ош мэриясынын базарды сунуштап жаткан жери улуттук фонддун суулуу айдоо 7 гектар жер Бишкек менен Баткен облусун байланыштырган стратегиялык трассанын жээги. Ал жерге базар курулса, он миң адам базарга кирип чыгат. Миңдеген техника да айланасына токтойт. Баткен–Бишкек трассасындагы жол тыгындары күчөп кетет. Тыгындан качкан эл Баткенден келе жатса же кетип жатса, Бишкекке Ош шаарын аралап, дагы шаар тыгынды күчөтөт. Оор жүктөрдү ташыган айдоочулар Оштон өтө албай кыйынчылыкка кептелиши мүмкүн. Мэр Ош шаарын айланып өткөн жол боюндагы жерди сунуштап жатат. Бир көйгөйдү чечем деп, андан оор маселени пайда кылып жатышат.

Ошон үчүн базар кылчу жерди Ош шаарынын ичинен эле тапса жакшы болот эле. Маселен, тарный база, Ноокатский подъем деген жерде курулуш материалдарын саткан чоң базар бар. Ошол жерге жылдырса болот. Же болбосо мурдагы автоунаа базарына көчүрсүн


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер