Акыркы кабарлар
» Коом » Наристелердин сөөгү мекенге жөнөтүлбөйт
Наристелердин сөөгү мекенге жөнөтүлбөйт
05-декабрь, 14:27
783 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌29 жаштагы активист Бекназар Турдакунов Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айылында туулган. Учурда Россиянын Москва шаарында эмгектенет. “Москвада мекендештер каза болуп калганда жакындары сөөктү кантип алып кетүү керектигин билишпейт. «Жүк–200» тууралуу билгендер бизден жардам сурашат. Мындан улам биз айына бир, кээде беш-алты сөөктү жөнөтүүгө жардам беребиз. Кээде бир күндө эки сөөктү жиберебиз. Мындан тышкары, наристелер да чарчап калган учурлар болот. Алар мекенге жиберилбейт, Москвадагы мусулмандардын көрүстөнүнө коюлат» дейт Б.Турдакунов.
"Азия Ньюс" гезити