Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Евробиримдик орус мунайын алууга жарым-жартылай чектөө койду

Евробиримдик орус мунайын алууга жарым-жартылай чектөө койду

31-май, 16:48
1 889 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Евробиримдик дүйшөмбүнүн кечинде Россияга каршы санкциялардын 6-пакетин макулдашты. Документте орус мунайынын бир бөлүгүнө эмбарго салуу жана Сбербанкты SWIFT системасынан өчүрүү каралган. Бул тууралуу Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишель Твиттерге жазды. Маалыматка караганда, шаркет Россиядан сатып алып жаткан мунайдын үчтөн эки бөлүгүнө чектөө киргизилмечи. Санкцияга деңиз менен ташылган кара май гана кабылып, куурлар менен алынганы мурдагыдай эле калат.

Биримдик “Дружба” куурун жазалоочу чараларга кошкон жок. Эмбаргого каршы болуп келаткан Венгрия мунайды дал ошол жол менен алып турат.

Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен чечимди кубаттаарын, Россиядан мунай импорту жыл аягына чейин 90 пайыз азаярын билдирди.

Bloomberg жазгандай, эмбаргодон Москва жылына 22 миллиард доллар жоготушу мүмкүн. Ошол эле маалда Венгрияга, Чехияга жана Словакияга “Дружба” менен ташыган мунай экспортунан 6 миллиард долларга чейин алууну уланта бермекчи.

Шаркет лидерлери ошондой эле Сбербанкты SWIFT системасынан өчүрүүнү, россиялык мамлекеттик дагы үч телеканалды өз аймагында көргөзүүгө тыюу салууну чечишти. Ал эми “россиялыктар Европада кыймылсыз мүлк сатып ала албайт деген чектөө Кипрдин кысымы менен кабыл алынган жок.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер