Аманкан Кенжебаев, ЖК депутаты: “Азык-түлүктүн баасы өскөнүнө дыйкандарыбыз ыраазы”


-- Аманкан Батырбекович, кийинки күндөрү азык-түлүктүн, анын ичинде эт менен картошканын баасы кымбаттаганы байкалууда. Тармактык комитеттин төрагасы катары сиз муну эмне менен түшүндүрөсүз?
-- Биз ушул жумада Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин өкүлдөрүнүн катышуусунда жазгы талаа жумуштарына даярдыкты, анан азык-түлүк боюнча маселени карайбыз. Жазгы талаа жумуштарына биз дайынбыз, ал эми азык-түлүктүн баасы боюнча, ачыгын айталычы, бүгүнкү күндө аны өстүргөн дыйкандар “эмгегибиз өзүн-өзү актады” деп ыраазы. Ал эми сатып алуучулар болсо “кымбат” деп нааразы. Эки жагын бирдей карайлы, эми эркин рынок. Бул биздин эле мамлекетке көз каранды эмес. Кошуна өлкөлөрдө кандай болсо, бизде да ошого жараша баа түзүлөт. Мен кечээ дыйкандар менен сүйлөштүм. Алар “Россиядан картошка алып келсек” деген ойду айтып жатышат. Ал жакта картошканын баасы 37-38 рубль экен. Бизге алып келгенде он сомдой кошулуп, 45-46 сомдун тегерегинде болот.
-- Малды сыртка чыгарууга убактылуу чектөө киргизилбедиби. Бул азык-түлүктүн кымбаттагына байланыштуу чарабы?
-- Эки жактуу деп айтсак болот. Биз өткөн жумада ветеринардык кызматтын, чек ара кызматынын өкүлдөрүн комитетке чакырып, канча мал кирип, канча чыкканын сурадык. Былтыр Россиядан, Казакстандан 11 миң жылкы, 180 миң баш уй кириптир. Бизден деле ошонун тегериндеги санда чыгып жатат. Товар айлануусу болушу керек, анан малдын асылдуулугун да кармап калуу зарыл. Ал эми малды сыртка чыгарууну убактылуу токтоткон себебибиз – эттин да, тирүү малдын да баасы өсүп кетти. Ошон үчүн бир аз токтотуп, баалар турукташкандан кийин кайра уруксат беребиз деген оюбуз бар.
"Азия Ньюс" гезити











