Эрулан Көкүлов, ЖК депутаты: “Мен сүйлөгөндө депутаттар кол чабышты...”
-- Эрулан мырза, сиз өкмөттүн орун басарын кызматтан кетирүүнү сунуштадыңыз. Бул сунушуңузду эмне менен негиздейсиз?
-- Биз быякта ойноп жүргөн жокпуз. Ар бирибиздин кыла турган жумушубуз, милдетибиз бар. Мисалы, менин 19 миң шайлоочумдун жана жалпы кыргыз элинин алдында аткара турган милдетим бар. Аткаруу бийлигиндеги адамдар ага каршы чыга албайт, туура эмес сөздөрдү айта албайт. Бул өзү айтып кеткен Конституция. Мындай сөздөр бул адамдын артынан биринчи же экинчи жолу чыгып аткан жок, ар дайым ушундай. Мен ойлойм, эгер таптакыр эле тартипке келе албаса, анда отставкага кетишин талап кылышыбыз керек.
-- Ал киши комитетте “сиздер кеңеш гана бере аласыздар” деген кыязда айтты. А Башмыйзамда кандай жазылган?
-- Биз көзөмөлдөөчү органбыз. Мына, бүгүн президенттин өкүлү окуп бербедиби.
-- Кандай деп ойлойсуз, кесиптештериңиз сиздин сунушуңузду колдошор бекен?
-- Мен сүйлөгөндө депутаттар кол чабышты го, калганын көрөбүз да...