Залкарларды унутта калтырган министр Мирбек Мамбеталиев


Кыргыз эл жазуучусу, ТҮРКСОЙдун башчысы Султан Раев жакында эле Тургунбай Садыковдун 90 жылдыгы белгиленбей, Болот Миңжылкиевдин 85 жылдыгы унутта калганын жазып чыкты. Акыл-эстүү адамдар үчүн бул чоң коңгуроо. Мындай залкарлардын акыркы кезде эскерилбей калганы өкүнүчтүү. Санай берсек тизме узарат. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев аталган тармактын адамы болбогондон кийин, кайдыгерлигин көрсөтүп, иштин көзүн билбегени ушулбу? Улутубузду, эл-жерибизди даңазалаган алптарыбыз эчендеген эмгектерин калтырып кетишсе, биз аларды баалабай, далыбызды салганыбыз кайсы логикага сыят? Саясый элита, интеллигенция каймактары чындыкты ачык айта алышпай бушайманга батышууда. Негизи өткөн чагыбызды, тарыхыбызды унутуп, искусство, адабият, маданият багытына кош көңүлдүк кылуу акылга сыйбайт эмеспи. Уңгу жолдогу залкарларды эстен чыгарсак, улутубузга, мамлекеттүүлүгүбүзгө шек келтирип албайбызбы? Бул боюнча жогорку жетекчилик көңүл буруп, министр Мирбек Мамбеталиевдин маселесин карап, анын ишмердигине тыянак чыгарышы керек.
Баса, жакында эле манасчылар топтошуп мушташканы коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Рысбай Исаков шериктери менен Асаналы Калилди уруп койсо, эмнеге мыйзам алдында жазаланган жок? Мына биздин маданияттын абалы...











