Акыркы кабарлар
» Жанирмем » Абысынымдын күйөөмө жазган СМСтерин окуп, жакамды кармадым
Абысынымдын күйөөмө жазган СМСтерин окуп, жакамды кармадым
02-февраль, 12:28
3 882 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Кайнатамдын инисинин аялы менин күйөөм менен СМС жазышканын окуп, жакамды кармадым. Анан мен СМСин өчүрүп койдум, “жооп барбаса жазбай калар” деген ойдо болдум. Кийин карасам, дагы жазыптыр. Жиним келип күйөөмө айтсам, “бул жаза берет” деп койду. “Жаным, сүйүктүүңүздү Инстаграмдан кошосуз, мени кошпойсуз" деп кечке эле ушундай нерселерди жаза берет. Кайни-жеңенин ортосунда ушундай нерсе болушу мүмкүнбү?
Ошондон бери ошол жеңемди жаман көрөм. Ойлоп көрсөм, мага башынан эле муздак мамиле жасачу эле. “Экөөнүн ортосунда бир нерсе барбы?..” деп ойлоп жүрөм. Сиздер кандай дейсиздер?
Лира