Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чыңгыз Ажыбаев: “Чек ара чыр-чатагында жабыркаган кээ бир айылдарга компенсация төлөнө элек”

Чыңгыз Ажыбаев: “Чек ара чыр-чатагында жабыркаган кээ бир айылдарга компенсация төлөнө элек”

28-январь, 09:00
742 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Чыңгыз мырза, Баткен облусуна өзгөчө макам берүү боюнча мыйзамдын аткарылышына карата бир топ дооматтарыңыз бар экен. Атап айтканда, кайсы чечим туура эмес?

-- “62 айылга эле пенсияны, жөлөк пулдарды көтөрөбүз” деп жатышат. Бул туура эмес. Анткени, көп айылдарда, мисалы, биздин Лейлек районунда эл пенсия, анан жөлөк пул менен эле жашап калды. Жер иштетейин десе жер жок, мал кармайын десе чөп жок. Ошондуктан, “бул туура эмес, элди экиге бөлгөн чечим” деп эсептейм. Аны кайра карап чыгып, башка чечим кабыл алыш керек. Баткен облусуна өзгөчө макам берүү тууралуу мыйзам бар, ал күчүнө кирген. Ошону эле иштетиш керек.

-- Кызыгып көрдүңүзбү, 62 айыл эмненин негизинде тандалыптыр?

-- Министрлер кабинети ошентип иштеп чыккан.

-- Чек ара көйгөйү тууралуу эмне айта аласыз?

-- Чек араны бекемдө зарыл. Эртең эле жазгы талаа жумуштары башталат. Суу тартыш боло баштайт. Ошон үчүн алдын ала чараларды көрүү зарыл. Былтыркы чек ара чыр-чатагында жабыркаган кээ бир айылдарга дале компенсация төлөнө элек. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер