Алмазбек Атамбаев Жээнбековду кечирүүгө даяр экенин айтты
Учурда УКМКнын абагында жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова жана Алфия Саммигулина жолугушту. Бул тууралуу депутат Ирина Карамушкина фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.
Ирина Карамушканын айтымында Алмазбек Атамбаевге жолугуу үчүн аял депутаттар гана барышкан, ал эми эркек депутатта ага жолугуудан коркушат экен. Ошентсе да ошол корккон эркектер Атамбаевдин убагында көп ийгиликтерге жетишкенин жазган.
Учурда Алмазбек Атамбаев көп убактысын китеп окуу менен өткөрүүдө. Андан тышкары спорт залга барып денесин чыңдап жатканын, 63 жашта эркек киши формада болушу керектигин жазган.
Ирина Карамушкина сөзүнүн аягында Алмазбек Атамбаев Жээнбековдорду кечирүүгө даярдыгын билдирген.
Ал күнөөсү далилдесе түрмөдө баары үчүн өзү олтурууга даяр экенин айтып, бирок, башка балдарды чыгарыш керек деп жыйынтыктаган.
Карамушкинан жазганын толугу менен бул жерден окусаңыздар болот:
Aryba.kg