Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Катын өлсө кайгы жок, кайра төшөк жаңырат” деген маңыздуу макалга жылындым...

“Катын өлсө кайгы жок, кайра төшөк жаңырат” деген маңыздуу макалга жылындым...

25-январь, 18:00
1 496 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Венера Рыскуловага!)

Жаңы жылдан кийин Ош мэриясына барып, сизге кокусунан учурашып өттүм. Түшүмбү, же өңүмбү? Артка кылчая карап, ушунчалык окшоштукка таңгала баса бердим... Үч жыл мурда жол кырсыгынан каза тапкан келинчегиме куюп койгондой окшош экенсиз. Түрдүү ойлорго жетелендим. Сизди сурасам, “вице-мэр” дешти. “Өз ишине тыкан, таза иштеген кадр” деген мактоо уктум. Бирок, үй-бүлөңүз тууралуу маалымат алууга кызыкпадым. “Бойдок болсо не?” деген ой “кылт” этти. Жаңы гана кыркка чыгып, толуп-ташып турган курагыңыз... Оор ой баскан жашоомо жарык киргенсиди. Сизди көргөндөн бери жеңилдеп, жандүйнөмө майрам келчүдөй өзгөрө баштадым. “Катын өлсө кайгы жок, кайра төшөк жаңырат” деген маңыздуу макалга тайынып, келечектеги керемет ирмемдерге ишендим. Экөөбүз жакындашып, мамиле кылабызбы, баш кошобузбу? Билбейм. Жолдошуңуз болсо жолтоо кылуу Кудайга жакпайт. А бойдок жанга айлансаңыз, анда Ошко кайра учуп барарым шексиз. Албетте, бул менин эркин ойлорум, кыялдарым. “Үмүтсүз шайтан...” дейт. Кыскасы, мендеги жашоого карата өзгөрүүнү жараттыңыз. Ушул күндү күттүм эле. Энчисине жете албаган аңчынын үйүндө да майрам болот...


Рамис 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер