Күйөөмдү же ойношумду тандай албай, ара жолдо жүрөм


Турмуш деген кызык экен. Соода кылып, акча таап, жашоодо башка жагымдуу нерселер болорун унутуп коюптурмун. Ошол унуткан нерселерди мага эки жыл мурун Нурдин деген байке эсиме салды. Ал Москвага союз кулаганда эле келип, иш баштаган экен. Жеке фирманын ээси болгонго жетишиптир. Ал чыныгы эркектик сапаттары менен мени тез эле арбап алды.
Ал адамдын чечкиндүү түрдө “бирге бололу” дегенине көнүп калдым. Бирок сөз менен оңой айтылат, кыла келгенде татаал маселе алдымда турганын билем. “Күйөөң менен ажыраш, ал сенин сулуулугуңа, назиктигиңе татыбайт. Балдарыңды ала кел, аларга ата болууга даярмын” деп Кыргызстанга узаткан сайын айтат. Ойлоном. “Мен да тирүү жанмын, башка аялдардай үйдө бала багып, сүйүктүү жолдошумду даамдуу тамак менен тосуп алгым келет” дейм ичимен. Бирок колунан көп нерсе келбесе деле, мага, балдарыбызга бир да жолу катуу сөз айтпаган, мен үчүн эми балдарымдын атасы гана болуп калган адамды кыя албай келем... Эки оттун ортосунда калып, күйөөмдү же көңүлдөшүмдү тандай албай, убайымга батып жүрөм...
Айнура
"Азия Ньюс" гезити











