Сакал-мурут койгондорго вирус бат жабышабы?

Кичи ажылыктан келген динчилдер коронавирусту жуктуруп алышканы тастыкталып, учурда 14 адам дарыланууда. Бул илдеттен этияттап, таза жүрүү зарыл. Учурда топтошуп намаз окууга, үймөлөктөшүп жүрүүгө тыюу салынган. Эң оболу, зарыл ишиң болбосо үйдө отуруу парз.
Эмне үчүн врачтар тазалыкты зар какшап айтышууда? Себеби, ооруну алдын алуу болуп эсептелет. Маселен, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстанда жаштар арасында сакал коюуга тыюу салынган. Бул өлкөлөрдө даават да айтылбайт. Ал эми Кыргызстанда дааватчылардын көпчүлүгү үй-бүлөсүн ачка таштап салышып, чала жуунушуп, айыл аралап жүрүштү го? Коңгуроо кагалы. Өлкөдө өзгөчө кырдаал киргизилген соң, тазалыкты сактоо таризинде сакал-муруттарды кырдыруу жагын карасак кандай? Апсыйып жүргөндөр ар бир түгүнө чейин жууй албайт да, туурабы? Аларга вирус да бат жабышабы? Албетте, биз суроо жолдоп атабыз. Ушул өңүттөн адистер тыянак чыгарып, бир бүтүмгө келүү шарт!
Aryba.kg