Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нурлан Сулайманов “Кыргызстандын” тизмесине 1 миллион доллар менен кирдиби?

Нурлан Сулайманов “Кыргызстандын” тизмесине 1 миллион доллар менен кирдиби?

25-сентябрь, 20:11
1 397 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштеп, чиригенче байыган адамдар бар. Алардын бири Нурлан Сулайманов. Бул эргул “Кыргызстан” партиясынын 18-тизмесине кирүү үчүн 1 миллион доллар бергени ырасталабы? Карапайык элдер кыйналып жашап жатышса, мындайлар казынаны кемиргени менен өлгөнчө жыргашабы?..

Мурдагы бийликтин тушунда Нурлан Сулайманов коррупцияга айыпталып, камакка алынарда чет өлкөгө качып кеткен. Убакытты созуп, жең ичинен сүйлөшүү жүргүзүп, аягында “кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кетти” деген шылтоо менен кутулуп кетип атпайбы! Бул жалганда жардынын эмгегин жесең, жамандык кылсаң тиги дүйнөгө кеткенче эле жооп бересиң. Дегенибиз, Конституцияны өзгөртүүдө 10-20-30 жыл мурда кылмыш кылгандар да жазага тартылууну кайра киргизүү зарыл! Ошондо Нурлан Сулаймановго окшогон коррупциялык ири иштерге аралашкандар камалышат, кусушат, туурабы? Элибиз качанкыга чейин эзиле бериши керек? 

Кыскасы, бакиевдердин транспорт жана байланыш министри болгон Нурлан Сулайманов үчүн “Кыргызстан” партиясына добуш беришпей коюшабы? Кызык кеп али алдыда... 


Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер