Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Үй-бүлөм бузулбасын” деп, жакшы көргөн адам менен жолугушуудан баш тарттым

“Үй-бүлөм бузулбасын” деп, жакшы көргөн адам менен жолугушуудан баш тарттым

27-август, 19:30
906 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

 “Эки тоо көрүшпөйт, эки адам көрүшөт” деген макалга маани берчү эмесмин. Он жыл мурун ар кандай себептер менен эки жолго түшкөн, өткөн бир күндөрүмдө караанын көрүүгө зар болгон сүйгөн адамымды капыстан көчөдөн жолуктурдум.

Бешенеме жазылган тагдыр экен. Мен башкага турмушка чыктым. Андан бери арадан он жыл өттү. Мен бактылуу боло алган жокмун. Күнүмдүк тирлик, басынган, көңүлүм ооруган, ажырашып кетким келген күндөр көп болгон. Мени баалабаган, көбүрөөк басып турган адам менен дале жашоо улантууга аргасызмын. Ал балдарымдын атасы.

Аны жолуктурганда жүрөгүм бир заматка токтоп калгандай болду. Апкаарып, демим оорлошо титерген үн менен араң ден соолук сураштым. Заматта сезимдериме бүлүк түшүп, ичимде эмнелер болгонун өзүм гана сезип турдум. Анын баягы эле тамашакөй сөздөрү жүрөгүмдү ыйлатты. Акырында “өткөн күндөрдү эстеп сүйлөшүп турсак болобу?” деди. Жүрөгүмдөн канча каалап турсам да, “жок, мүмкүн эмес” дедим.

Ошол... Аялдар үй-бүлөнү ойлойт экенбиз. “Үй-бүлөм бузулбасын, балдарга убал болбосун” деп өзүмдү, сүйүүмдү курмандыкка чалып, кете бердим. Болбосо мамилебиз кандай уланаар эле? Табышмак...


Нуриза 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер