Акыркы кабарлар
» Коом » Калың жааган кардан улам Барскоон–Ак-Шыйрак жолу жабылды
Калың жааган кардан улам Барскоон–Ак-Шыйрак жолу жабылды
31-май, 16:42

Калың жааган кардан улам Жети-Өгүз районундагы Барскоон–Ак-Шыйрак унаа жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, учурда Сөөк ашуусунан Ак-Шыйрак айылына каттоочу жолго кар көчкү түшүү коркунучу бар. Учурда жолду тазалоо иштери жүрүүдө. ӨКМ жол толук ачылганга чейин сапарга чыкпай турууга чакырды.