Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эрнис Кыязов: “Айтматовдун бу дүйнөгө жеткизгиси келген кыйкырыгын сездим...”

Эрнис Кыязов: “Айтматовдун бу дүйнөгө жеткизгиси келген кыйкырыгын сездим...”

12-декабрь, 10:43
2 208 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Айтматовдун китептерин аудиого айландырганыңыз эң сонун иш болду. Окурмандар кандай кабыл алды? Кандай максаттар менен ишке ашырдыңыз?

-- Ар бир үйдө китеп текчелерде китептер жыйылып турары турган иш. Менин үйүмдө да ошол көрүнүш. Маал-маалы менен кол бошогондо ал китептерди окуп коём. Анан бир күнү ойлондум, “ичимден эле шыбарап окубай, үн чыгарып окуп, аудиокитеп кылсам эмне болот?” дедим да, Ч.Айтматовдун бүт чыгармаларын аудиолоштурууну максат кылдым. Бул ниетимди досум Нурмухаммед Миңбаевге айтсам, ал профессионалдык микрофон, ж.б. аппарат жабдыктарды алып берди. Ошентип окуп баштадым, “кыбыраган кыр ашат” болуп, он ай дегенде бүт чыгармаларын аудиолоштуруп, монтаждап, тазалап, улам Ютуб каналыма киргизип турдум. Уккан угармандар ыраазылык билдирип, Айтматовдун чыгармаларын такыр окубагандары угуп, “көрсө, ушундай керемет чыгарма тура” деп ыраазы болгондору арбын болду. 

-- Аудиокитепти даярдоо менен өзүңүзгө кандай жакшы нерселерди алдыңыз? Айрыкча “Тоолор кулаганда” чыгармасындагы каарман Арсен Саманчин менен Жаабарстын өлүмү кандай ойго салды?

-- Сиз айткан “Тоолор кулаганда” чыгармасында болобу, башка чыгармаларындабы, мен негедир Айтматовдун бу дүйнөгө жеткизгиси келген өзүнүн үнүн, кыйкырыгын сезип жаттым. Табигатты сактайлы, махабатка кыянаттык кылбайлы, ким болбойлу адам бойдон калалы, улуу улуудай, кичүү кичүүдөй, ызаат-сый (!) деген нерсе жашоодогу башкы маселелер экенин жазуучу баса белгилептир. Эң негизгиси, ошол каармандар башынан өткөргөн окуялардын баары бу турмушта болгон нерселер, болгон өтмүштөр, жазуучу аны жандүйнөсүнөн элеп өткөрүп, руханий жактан байытып, анан окурмандарга сунуптур. Айтматовдун чыгармаларын мурда көп ирет окусам да, ар бир окуган сайын анын чыгармаларынан улам бир жаңы өзгөчөлүктөрдү, мурда-кийин элес албаган мандемдерди табам. Кайдадыр шашкан, кайдадыр ашыккан азыркы “айфон” менен “айпаддын”, “планшеттин” заманында китеп тиктеп окуган киши деле негедир аздай... Ошондой доордо менин бул мээнетим окурман журтуна аз да болсо салым болот деген үмүтүм бар. Бул баатырдык деле эмес, ар ким эле   үнүн чыгарып окуп, интернетке кайсы бир китепти жүктөп коё аларын мен мойнума алам. Бул тек гана көп кыргыздын ичиндеги бир кыргыз катары элиме, адабият казынасына кошкон мээнетим катары эсептейм. Аудиокитеп тармагы мындан ары да өнүгүп өсүшүн каалайм. “Кыргыз тил өлдү, куурады” деп эле бакыра бербей, ар бир кыргыз колунан келишинче жеке салымын кошсок. Ушундай тилек кылам.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер