Тойлорду кантип өткөрсөк болот?

Албетте, тойду байыртадан бери элибиз жакшылыгын бөлүшүп, карыялардан бата алуу үчүн өткөрүп келет. Тууган-туушкандарын, алыс-жакын санаалаштарын, алыш-бериши бар дос-жоролорун, куда-сөөктөрүн жана да жалпы эле айыл элин жыйып, насиптеш болушкан. Ошону менен бирге тойлор “чоң тойлор” жана “кичи тойлор” деп мүнөздөлгөн. Тойдун чоң жана кичи экендиги ага чакырылган адамдардын санына жараша эмес, тойдун мүнөзүнө жараша айтылган. Мисалы, маараке тойлор жана келин алуу, уулун үйлөнтүү тойлору, албетте, чоң тойлордун эсебине кирген. Ал эми балдарга байланыштуу: жентек той, бешик той, сүннөт той, мүчөл тойлор абалтан кичи тойлор катары мүнөздөлгөн. Буларды элибиз “тойчук” деп коюшат. Ошону менен бирге үй той (там той), үй көтөрүү тою да кичи той болуп саналат. Учурда бирөө жогорку даражадагы сыйлык алса да, аны чоң тойго айландыруу адат болуп калды. Ал эми түлөө өткөрүү тойдун катарына кирбейт, көзү өткөндөрдү эстөө, куран окутуу жана тилек кылып, жөн гана бата алуу болуп саналары белгилүү.
Деги, той деген эмне? Аны ата-бабалар кандай маанайда өткөрүшкөн? Албетте, кандай гана той болбосун, анын негизинде, жогоруда эске салгандай, бата алуу тилеги менен өткөн жана эл менен жакшылыкта ырыскылаш болуу ниетин билдирген. Тойдо ар түркүн оюн-тамаша уюштурулган, ырдашкан-бийлешкен, акындар төгүшкөн, манасчылар “Манас” айтышкан, комузчулар күү чертишкен, күчтүүлөр күчүн сынашкан, чечендер сөз таймашына чыгышкан, күлүк менен жорголор сыналган, чыккан күлүк менен жоргону, же жыккан балбандарды даңаза кепке айлантышкан. Кыз-жигиттер “кыз куумайга” түшүшкөн, алыс-жакындар жолугушуп чер жазышкан, ак ниетин, түз пейилин билдиришкен, баса жеп-ичип, курсактарын эмес, сөз угуп, ыр угуп, кулактарын тойгузушкан. Жакшы нерсени жана жакындарынын көздөрүн көрүп, санаа-көңүлдөрүн тойгузушкан, ниет-пейилдерин тойгузушкан. Ошон үчүн аны “той” деп аташкан. “Тойго барсаң тоюп бар, жаман адатыңды коюп бар” дешкен.
Тойго барганда алыш-бериши менен катышына жараша малын жетелеп, белек-бечектерин ала барышкан, жакын куда-сөөктөрү, достору көк-бөрү тартып түшүшкөн. Жээндер таякесин ашуу бел менен чоң кечүүлөрдөн урмат-сый менен тосуп алышып, кайра бел ашырып, суу кечирип узатышкан. Той ээси “мага тиги эч нерсе апкелген жок” деп таарынган эмес, келип, батасын берип, бергенин жеп-ичип кеткенине ыраазы болушкан.
Бүгүнкү күндө биздин тойлор атаандашуу, өзүнүн мүмкүнчүлүгүн көрсөтүү же мурда бергенин кайра жыйнап алуу үчүн өткөрүлүп жаткан сыяктуу. Аз кошумча бергенине таарынып, кек сактагандарыбыз көп. Тойго жакшылыкка барууну эмес, эмне кошумча берүүнү ойлоп, сарсанаага баткан колунда жоктор канча? “Тапканымдын баары эле тойго кетип атат” деп наалыгандарчы?! Мындай тойлор, албетте, батасы эле эмес, сообу аз болору бышык...
Анан да, барган тоюң эки саат кеч башталып, түн бир оокумга чейин уланып, алты-жети саат бою жылбай отуруп, өчү бардай жеп-ичип, ар нерсени сүйлөгөн, уят-сыйыты жок оюндарды ойногон, кары-жашы менен улуу-кичүүсүнүн айырмасы жок, тайраңдап бийлегендин күнү тууп, устукан берген улуу жок, насаат айткан кары жок, уялып калган уулу жок, кымырылып калган кызы жок, келбетин бузбаган келини жок, жазып алган тосттор сүйлөнүп, жаттаган монолог сөздөр айтылып, тамаданын тамаша батасына карк болуп өткөн тойлордун кандай пайдасы бар экенин баамдабайбыз! Мындай аталардан калган нарктарыбызды унуткарган кооз тойлор, ден соолукту бузган арак менен шараптар, кайната менен келин, кайнене менен күйөө бала бийлеген бийлер, ойдологон оюндар, жыйылган жарым миңдей дапыраган эл, жаттама каалоолор, ырчылардын жансыз үндөрү – ушунун баары бизди жадаткан жокпу? Тойго ойноп-күлүү үчүн эмес, лыкыя тоюп, андан кийин бир апта оорлошуп, кыйналуу үчүн барып жаткандай эле болосуң... Албетте, ушундай көрүнүштөр бизди ойлондура баштады. Бирок, кантип натыйжалуу, ыңгайлуу, пайдалуу, чыгымы аз, көңүл ачып отурган, эс алып кайткан тойду өткөрүү жолун таба албай келебиз...
Биз азыр той десек эле, адегенде каалашынча эл жыйып, ар тойдун айырмасына карабай алыс-жакынын топтоп, жылкы союп, “кантип чыгымды актайм?” деген гана ой көңүлгө келет. Мунун өзү эмне үчүн? Ал биздин тойлорубуздун түрүнө, чоң-кичинесине карабай өткөрүүбүз болуп саналат. Мындайча айтканда, тойдун “форматына” жараша өткөрө билбегенибиз болуп саналат. Анткени, “ал кандай той, той эмне үчүн, ал ким үчүн, ага кимдерди чакырса болот?” деген суроону ойлобогонубуз болуп саналат. Анда кандай кылуу керек? Мен төмөнкүчө “форматтарды” сунуштагым келет:
Мисалы, “жентек той”, “бешик той” жана “тушоо той” – бул таяке журт менен жээн журттун тою. Наристенин таятасы, таенеси чакырылып, жээнге тойчук берүү. Буга, демек, эки тараптын эң жакындары, наристеге бата берүүчү аксакалдар, анан балалуу болуп жаткан жаш үй-бүлөнүн катышкан дос-жоролору, айланадагы кирип-чыгышкан кошуналары чакырылса болот. Мындай жентек той чакан топ менен үйдө же чакан форматта, 100дөй адам чакырылып тойканада өткөрүлсө жетиштүү. Тушоо кесүүдө мүчөл жашка чейинки кыз балдар менен уул балдар чуркап, наристенин “тушоосун” кесип, тойчуктун көркүн чыгара карыялар батасын берсе жетишүү жана нарктуу болот. А саксаңдаган аялдар менен лөкүлдөгөн эркектердин жүгүрүп, тай же телевизор уткан бешик тойлордун эч кимге кереги жок. Ал эми сүннөт той менен мүчөл тойду 50-60 адамды чакырып үйдө ырымдап өткөрүү, карыялардан бата алуу ылайыктуу. Ал эми “үйлөнүү той” же “келин той” – албетте, булар адам өмүрүндөгү чоң, жоопкерчиликтүү той. Бул тойлорго эки тарап кудалар, эң жакын достор чакырылса, анан жаш жубайлардын достору катышса болот. Муну “жаштардын тою” деп атасак ылайыктуу. Элдин баарын калтырбай чакырып, Ала-Тоодой эт бышырып, Ала-Көлдөй чык куюунун кергеги жок. 100 адам чакырып, келин менен уулду элге жүзүн ачып коюу жетиштүү.
Албетте, “маараке той”, “алтын той” ж.б. да чоң той болуп саналат. Ал адам өмүрүндөгү өтө чоң мерчемдүү мезгил, “алтын мара”, салабаттуу курак, кылган иши, өтөлгөлүү өмүрү менен башкага өрнөк болор учурлар, андыктан, андай тойду татыктуу өткөрсө болот. Ошондо да ага эң негизги чакырылуучулар: эң жакын тууган-туушкандары, куда-сөөктөрү, ушул кезге чейин турмуштан күткөн-тапкан достору, кесиптештери менен катышкан кошуналары болушу шарт. Анан албетте, өмүрүн улоочу бала-чакалар куттуктаса, ошондо да “бир айыл бүтүндөй же бир шаардын жарымы эмес” эң жакын адамдары келип, чер жазып тойлосо болот. Ал эми алган сыйлыгын “майлап” өткөргөн тойго негизинен кесиптештер, ар кимдин өз чөйрөсүнүн кесипкөй адамдары жана эң жакын туугандар эле чакырылса, тойдун мүнөзүнө туура келет.
Дагы бир сөз, үй той (там той) үйдө, кыз узатуу жөрөлгөсү да үйдө өтсө логикалуу жана максаттуу. Анткени үй тойдо айтылган баталар, каалоо-тилектер үйдө айтылса жана да кыз өзү чоңоюп өскөн үйүнөн турмушка узаса жакшы болот. Дагы бир сөз, тойканада той өткөргөндө “келген элдин кошумчасы менен чыгымымды жабам” деп өткөрүү ылайыксыз эле. Анткени күчү жетсе, мүмкүнчүлүгү болсо, бата алайын деген ак ниет, тилеги болсо гана той өткөрсө максаттуу болмок. Кредит алып, карызга сурап, анан да тою чыгымды актабай калса, дүрбөлөңгө түшүп убара тартуу – бери болгондо, максатсыз, ары болгондо сообу жок. Анан да келген адам тойго берер кошумчасын тост сүйлөгөнгө чейин эле берерин берип (той ээси кошумчаларды каттаган адамды дайындап койсо), ар ким алдыга чыгып жарым саат чоюп сүйлөбөй эле туугандардан бир-эки аксакал, кудалардан бир-эки аксакал, достордон бирөө-экөө, кошуналардан бирөө-экөө ж.б. каалоосун айтып, ыр угуп, күү угуп, сөз угуп, жогоруда айткандай, көзү жакшы нерсени көрүп, ниети, пейили тоюп, жандүйнөсү эс алып кайтса болду.
Эми негизги маселе: той кандай өтсө болот?
1) Эзелтеден кыргыздын чоң тойлорунда жарчы болгон, азыр аны тамада ээлик кылып алды. Мейли, иреттүү, уяттуу, көңүлдүү өткөрүү үчүн нарктуу, сөзмөр, тойдун чөйрөсүнө жараша түшүнүгү, маалыматы, билими бар, чөйрөнүн “тилин” (илим чөйрөсү, маданият чөйрөсү, саясат чөйрөсү, кызмат чөйрөсү, бизнес чөйрөсү, орган чөйрөсү, ж.б.) билген тамада болуп, ар бир чөйрөнүн тою өз чөйрөсүнө төп келсе максатка ылайык келет.
2) Албетте, ашыкча чыгымы жок, тойдун мүнөзүнө (чоң тойбу, кичи тойбу, бешик тойбу, келин тойбу, маараке тойбу ж.б.) ылайык адамдардын гана чакырылышы жетиштүү. Кыскасы, той берсе, чөйрөсүнө, тойдун чоң-кичинесине же форматына карап, таанышынын, катышынын, дос-жоролорунун баарын чакыруу керек деген принцип болбошу керек.
3) Кыргыз тойлору кошумчасыз, ыражасыз болбойт, ошондуктан той ээси кошумча жана ыражаларды чогултуучу бир адамды атайын дайындоосу керек да, келген адам келери менен берчүсүн берип коюп, тамада качан тостко чакырарын күтүп отурбашы керек. Мүмкүн шашылыш иши болсо, ыражасын берип, ыраазычылыгын айтып, кете бериши ыктымал.
4) Үч ирет тамак берүүнүн кереги жок, адегенде суюк тамак, анан бешбармакты берүү жетиштүү. Биринчи жана экинчи тамактын ортосунда каалоо-тилектер улуулата айтылып, жарым сааттык танаписте кыйшактаган бий эмес, нарктуу оюн-зооктор кенен өткөрүлүп, ашып кетсе үч саатта той жыйынтыкталса болот.
5) Тойдо ырчылар гана эмес куудулдар да чакырылып, элдин көңүлүн ачса, эң сонун болот. Эптеп элди күлдүрүү үчүн адепсиз оюндарды өткөрүүнүн ордуна маданиятка, нарктуулукка, барктуулукка чакырган, элдин билимин, өнөрүн, мамиле жана жүрүм-турум маданиятын сынаган жана байкаган оюндарды өткөрүп, суроолор чечмеленип, чечендик жана да спорттук өнөрлөрдү көрсөтүү сыяктуу оюн-зооктор болсо, сөздү баалап-барктаган, улуу дастандары бар, түркүн макал-лакап, накыл кеби оозунда жашаган кыргыз эли үчүн максаттуу той болмок.
6) Эң негизгиси, тойго барар карыялар бата берүү маданиятын эстеп, өзүн жана сөзүн даярдап, наркын-баркын билдирип, жаштарга өрнөк болуп, жакшы сабак көрсөтүп кеткенге милдеттүү (!) деп мыйзам катары кабыл алсак эң сонун болмок. Карыялардын бата берүү маданияты өсмөк, аброю өсмөк, салабатына келмек, каадалары бекемделмек, элди оң адаттарга жетелемек.
Тоюңуздар тойго улансын, урматтуу кыргыз элим!