Сейдалы Мырзакматов, экономист: “Азыркы мезгилде белгиленген айлык, пенсия алгандарга оор”
-- Сейдалы мырза, өкмөт башчынын "илбирс секириги" карапайым элдин жашоосу менен дал келип жатабы?
-- Акылбек Жапаров мырза, албетте, ушинтип айтат. Анткени, ага кызмат абалы жол берет. Бирок, ал айтып жаткандар формалдык жактан туура. Макроэкономикалык цифралар ошону көрсөтүүдө. Маселен, инфляция, экономиканын өсүш темптери, ВВП индекси, эмгек акы жана ушуга окшогондор. Бирок, реалдуу өсүштүн бир нюансы бар, ал КР ВВПсынын структурасы. Тейлөө сектору 70 пайызга жакын болгону менен экономиканын реалдуу секторлорунун үлүшү жыл сайын төмөндөөдө. Бул деле жаман тенденция эмес, себеби, дүйнөлүк акыбал ушундай болуп жатат. Өнүккөн өлкөлөрдө тейлөө сектору ВВПнын 90 пайызына чейин жетет. Бир гана айырмасы, аларда тейлөө сектору көбүнчө жогорку технологиялар, билим экономикасы, инновациялык товар, кызматтар менен коштолот.
Кыргызстанда ВВПнын өсүшү менен көптөгөн социалдык объектилер, инфраструктуралар, жолдор, имараттар, стадиондор, Акүй, жаңы автобустар, ипотекалык үйлөр, мектептер көтөрүлүүдө. Ошондой эле социалдык, бюджеттик сектордогу айлыктар, пенсиялар, пособиелердин өсүшү да ВВПга түздөн-түз таасир берет. Булардын баары позитив.
-- Кыргызстандагы тейлөө секторунун кайсынысы өнүккөн?
-- Тейлөө секторун апыртып айтсак, материалдык эч кандай байлык, ресурстарын түзбөйт. Жөнөкөйлөтсөк, бизде эң өнүккөн, гүлдөгөн сектор тамак-аш, ресторан тармагы. Алар тапкан акчаларын кийим-кече, сулуулук салондору, транспорт, шерине, топ, спорт, образдуу айтсак ушуларга коротот. Элдин чарба обороту менен ВВП өсө берет, бирок физикалык, абсолюттук өсүштөр аз болот. Анткени, ВВП акчалай түрдө өлчөнөт.
Образдуу айтсак, миңдеген аптекалар, клиникалардын ВВПсын ооруган адамдар да дарыланып жатып түзө берет. Себеби, азыркы дүйнөлүк методология, коомдун баардык иш аракеттерин ВВП курамына кошот. Социалдык объектилер, сфера абдан баалуу, бирок Кыргызстан азырынча реалдуу секторго капиталдык салымдарды көбүрөөк салса жакшы болмок.
Ал эми жалпы калкка келсек, акыбал орто. Себеби, айланып келип эле постсоветтик мезгилде калыптанган ВВП структурасына келип такалат. Бизде уникалдуу экономикалык структура, чарба жүргүзүүчү субъектилердин 99 пайызы менчик сектордо. Ошого жараша калктын эмгекке жарамдуу, экономикалык жактан мобилдүү, активдүү бөлүгү өздөрү менен өздөрү.
Азыркы мезгилде белгиленген айлык, пособие, пенсия алгандарга оор. Себеби, тейлөө сектору өтө кымбат. Жакшысы: базалык товарлар салыштырмалуу арзан.
"Азия Ньюс" гезити