Элмира Эшанова: “Москвадагы жашоо – Россиянын башка шаарларынан өзгөчөлөнүп турат”


Алыста жүрүп жакшы иштердин жаратманы болгон мекендештерибиз менен сыймыктансак гана болот. Москва шаарында байма-бай тренингдерди өткөрүп, мигранттардын өсүп-өнүгүүсүнө салым кошкон мекенчил айым Элмира Эшанова менен маек курдук.
-- Үй-бүлөсүнө ай сайын чоң суммаларды которуп, ар бир үй-бүлөгө тирек болгон мигранттар эмеспи. Учурда алыстагы мекендештерибиздин орду, жетишкендиктери, көйгөйлөрү тууралуу өз оозуңуздан уксак? Мурдагы жылдарга салыштырмалуу айырмачылыктар барбы?
-- Москвада жүргөнүбүзгө көп жыл болуп калганына байланыштуу, 2004-жылдан бери мигранттардын мурдакы абалы менен азыркы учурдагы абалын салыштырып айырмаласа болот. Социалдык тармактарда көбүнчө капа болуп, нааразычылык билдирген мекендештерди окуп калабыз. Ар бир нерсенин оң жагын алып караганда, миграциянын өтө көп пайдалуу жактары да бар экенин байкасак болот. Биринчиден, адам баласы башынан канчалык кыйынчылыкты өткөрсө, ошончолук бышып, тоскоолдуктарга туруштук берип, турмушка такшалып калат. Адамдын канчалык коркуу сезими чоң болсо, демек, анын дүйнөгө болгон көз карашы, эртеңки күнгө болгон ишеними аз. Өзүнө ишеними чоң адам гана жоопкерчиликти мойнуна алганды билет. Ошондой мүмкүнчүлүк миграцияда жүргөн мекендештердин ар биринде бар десем жаңылышпайм.
Москвадагы жашоо – Россиянын башка шаарларынан өзгөчөлөнүп турат. Бекеринен «Москва көз жаштарга ишенбейт» деген сөз калган эместир. Бул жердин аурасы Санкт-Петербург, Екатеринбург, Новосибирск, Казань, Сочи ж.б. шаарларына салыштырганда байкалат. Жергиликтүү калктын да акча тапканы келгендерге болгон көз карашы башкача экенин баары эле билишет. Мигранттардын эң көбү Москва шаарында иштешет. Кээ бир мигранттар келгенине 10 жылдан ашып калса да, аң-сезими жумуш, үй бойдон калып, Кремлди көрө электер да жок эмес болушу мүмкүн. Бирок, ар нерсенин жакшы, пайдалуу жагына басым коюп үйрөнсөк дейт элем.
Учурда мекендештер 10 жыл аралыкка салыштырмалуу жумуш орундарын өзгөртүп, бир канча жакшы, таза жерлерде иштей башташты. Буга ар нерсе себеп болушу мүмкүн. Биринчиден РФ паспорту менен иштеп жаткан мекендештер болушу мүмкүн. Анткени, алардын жоопкерчиликтүү иштегени, орус тилди жакшы билгенин эске алып, кең пейил, жөнөкөйлүгүнөн улам да жакшы жумуштарга ала башташты. Өзүм деле кыргыздар мурда иштеп көрбөгөн жерлерде КР паспортум менен иштесем да, артыман көптөгөн мекендештерге үлгү болуп, “кыргыздарды жумушка алса болот экен” деген сезим калтырып, аларды кара жумуш иштеринен башка таза жумуштарга орноштуруп кеткен элем. Аз-аздан көбөйүп отуруп, москвалыктарды да бара-бара өзүбүзгө көндүрүп салдык. Учурда кыргыздар баардык тармактарды ээлешкен. Биздин дагы жакшы жерибиз – бирөөнүн жасаганын көрүп, ошону тез эле өздөштүрүп кеткенибизде. Бизде коркуу сезими чындыгында аз, өтө тобокелчил келебиз. Кандай чөйрө болбосун тез тил табышып, аралашып кетебиз. Москвадагы чет мамлекеттерден келген түрдүү тармактык компаниялардын баарынан биздин мекендештер тажрыйба алып, лидерлик жактарын өстүрүштү. Орустар бизге суктанышат, “бир кыргызды эле командага кошсо, бирин-бири тартып, командалары тез эле өсүп кетет” деп.
Андан сырткары, такси тармактарында да эконом-класстан баштап бизнес-класска чейинки баардык кызматтарда биздин жигиттер иштешет. Социалдык тармакта да өтө активдүү экенибизди дүйнө билип калды.
-- Баардык ийгиликтердин себепкери аң-сезимдин өзгөрүшү болсо керек. Сиздин бул жагынан да элге жардамыңыз чоң экен...
-- Адам ой жүгүртүүсү, аң-сезими өзгөрмөйүнчө эч нерсе өзгөрбөшүн түшүнгөндө, басымды тренинг, вебинарларга коюп, ай сайын чогултуп, ар тараптап окута баштадык. Кыргызстанды өнүккөн мамлекеттердин арасынан көргүбүз келди. Ага биздин окуган китептер, чөйрө, башыбыздан өткөргөн кыйынчылыктар себеп болду. Пандемия убагында да мекенге чоң салым кошуп, гуманитардык ж.б. ар тараптан жардамдарды берип, "эң бирдиктүү калк" деген атка кондук. Кыргыздар бириккендей башка улут бириге албаса керек. Патриоттуулук жагыбызга сыймыктансак болот. Өзгөчө бөтөн эл, бөтөн жерде жүргөндөр мекендин, ата-эненин, жакындарынын кадырын алыстаганда билет эмеспи. Ким чет жакка чыкпаса, мусапырчылыкты, кыйынчылыкты башынан өткөрбөсө, анын кадырын да, себебин да билбейт, сезбейт.
Мен былтыр Кыргызстанда төрт ай жүрүп калдым. Элдин аң-сезими кадимкидей артта калып жаткандай туюлду. Өнүгүүгө кадам койгон адамды өтө аз кездештирдим. Күнүмдүк тамак-аш, саясат, нааразычылык, биринен-бирин кызганмай, той, ушак, эптеп убакыт өткөрмөй экенин байкадым. Өтө кыйналып калганы, кредит алып алганы “Москвага кетсемби...” деп коюшат. Колдо бар телефонду пайдалуу жакка колдонуп, акча тапканды, аң-сезимди өстүргөндү, кандайдыр бир бизнес идеяларды таап, ошол тармакты өздөштүрүүнү үйрөнсө болот да. Эгер ушундай нерселерди өздөштүрүп алсак, буттан тартмай, жаман жакты ашкерелемей, артынан сүйлөмөй, ушактамай адаттарды таштасак, келечекте Кыргызстан алдыңкы мамлекеттерге киребиз деген үмүт чоң. Ал үчүн ар ким өзүнөн башташ керек. Сен акылдуу болсоң, сен ыймандуу болсоң, сен бай болсоң, сен биримдикте, ынтымакта болсоң, сага эч ким тең келе албайт. Бул жагынан үлгү гана болсок болот.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити











