Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дастан Бекешов: “Орус бийлигин, Путинди сындабагыла!”

Дастан Бекешов: “Орус бийлигин, Путинди сындабагыла!”

23-март, 12:04
495 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов жакын арада Россияга барууну көздөгөн кыргызстандыктарды орус бийлигин сындабоого чакырды. Мындай билдирүүнү ал Телеграмдагы каналына калтырган.

“Жакынкы айларда же жыл ичинде Россияга барууну же Россия аркылуу өтүүнү көздөп жатсаңыз, орус бийлигин, Путинди же Россиянын элчилигин сындабоого чакырам. Анткени Госдума Россиянын мамлекеттик түзүмдөрүнүн иши тууралуу фейк маалыматтарды тараткандарды жазага тартуу боюнча мыйзамды кабыл алды. Орус депутаттары “сындасаңар болот, анткени элчилик начар иштеп жатат” дешүүдө. Бирок ага карабай кандайдыр бир маселелерден оолак болуу үчүн бул кырдаал боюнча жазбоону сунуштайм” деген депутат.

Мындай чакырыгын ал Кыргызстандын географиялык абалынан улам Россияга муктаждыгы менен түшүндүргөн.

Азырынча Россия аркылуу Европага же башка жакка каттамдар болбошу мүмкүн, бирок ошентсе да кандайдыр бир нерселерди айтуудан карманууга чакырам. Эмне болсо да биз, кыргызстандыктар этият болгонубуз жакшы” дейт депутат.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер