Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Азиза Абдирасулованы сүйрөгөн Тилек Тюкебаев Бишкек ШИИБни жетектейби?

Азиза Абдирасулованы сүйрөгөн Тилек Тюкебаев Бишкек ШИИБни жетектейби?

31-январь, 20:55
7 721 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Башка коллегаларындай жасалма мүнөз күтпөгөн, тапшырма алса ашыра аткарган, коомдук коопсуздук абалды жакшыртууга баш-оту менен киришкен Тилек Тюкебаевди билсеңер керек. Учурда Бишкек ШИИБ орун басары. Эске салсак, Акүй астынан эмоцияга алдырып ийип, апасындай Азиза Абдирасулованы сүйрөй коюп, коомчулукка таанылган. Бул кылыгына кийин өкүнүп, уялып калганын айтышты. Кемчиликти сезе билүү да мырзалык эмеспи. 

Тилек Тюкебаевдин жердиги көлдүк. Милицияда бир топ убакыттан бери жетекчилик кызматтарды аракалап келатат. Аны жакындан билгендер алакөөдөн жүрүшүн, бакылдаган шар мүнөзүн баалашат экен. Куйтулуктан, интригадан алыс. Түз, туруктуулугу менен карьера жасоо жолуна түшкөндөй. Дал ушул кадр Бишкек ШИИБ начальнигине дайындалса, муз жаргандай эле өзгөрүүлөр болору болжонууда. Каарманыбызды коллегалары, өздүк курамы колдошору, алардын баасы жогору экени айтылууда. Жогорку жетекчилик сүрөп койсо, көлдүк жигит Бишкекти калчап калабы? Кедеринен кетпей, татыктуу кызмат көрсөтсө, бычакка сап болобу? Эмесе, бул кадр боюнча дагы тереңдеп талдап көрүү мезгилдин талабына шайкеш келет окшойт. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер