Темирлан Султанбековдун камалышы эл аралык талкууга алынды
Баарыбыз билгендей, 2023-жылы май айында Ленин районунан депутаттыкка атсалышкан Дамира Ниязалиева добуш сатып алууга айыпталып, дээрлик фактылар менен кармалып, кылмыш иши козголгон. Ошол эле округдан сентябрда Кубанычбек Самаков мандат үчүн күрөштө “эски кетменди” басып, бирок көмүскөдөн жайгарып кеткени жалган беле? Күч органдарында тийешелүү материалдар топтолгону каңкууланган.
Ал эми 17-ноябрдагы шаардык кеңештин шайлоосуна карай Темирлан Султанбеков, Ирина Карамушкина жана Роза Турксевер кармалышты. “Социал-демократтардын” офисин тинтүүдө 28 миң сом 7 адамдан алынганы, талаш жагдай жаралганын баамдадык. Албетте, мындан аркысын тергөө органдары, сот аныктайт дечи. Ошого катар “Социал-демократтар” да өз чындыктарын шардана кылышууда. Эң кызыгы, салыштырып караганда, Дамира Ниязалиева менен Кубанычбек Самаков кылтакка илинбей, оңой кутулуп кетишкенби? Акарат келтиришпей, кошомат кылгандары үчүнбү?.. Олуттуу суроолор арбын.
Ошентип, Темирлан Султанбековдун камакка алынуусу коомчулукта чоң талкууну жаратты. Эл аралык деңгээлде саясый салмагы бар экен. Социнтерн баштаган уюмдар, Казакстандагы депутаттар тобу боштондугун айтышып, боор толгошту. Дүйнөлүк пресса чагылдырды. 26 жаштагы жаш саясатчынын даңазасы көтөрүлдү. Камактан Темирлан ачкачылык кармап, ошого катар байма-бай кат жазып, элге кайрылуу жасап, мыйзамдуулукту, адилеттүүлүктү талап кылууда. Мындайча айтканда, бийликке каяша келтирүүдө. Ооба, бул саясый күрөш. Кайсы тарабы упайга ээ болорун калың калк аныктайт. Адатта чырды уланта бербей, мунасага келүү пайдалуу. Шайлоо да өттү. Бийлик биринчи кадам таштап, гумандуулукка барса, балким туруктуулукка салым кошулат беле?..
"Азия Ньюс" гезити