Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргыз журналистикасы жоготууга учурады

Кыргыз журналистикасы жоготууга учурады

04-ноябрь, 17:16
1 470 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Журналист Чынара Токонова 37 жашында оорудан  өмүрү менен кош айтышты.

Ал 1982-жылы Ат-Башы районунун Казыбек айылында туулган. 2000-жылдардын башынан бери кыргыз телерадио тармагында эмгектенип келген.

Чынара Токонова экинчи ирет инсульт илдетине кабылып, эки күн мурун ооруканага жеткирилген. Ал бүгүн, 4-ноябрда каза болду.

Токонова кыргыз телерадиосунда 2000-жылдардын башынан бери эмгектенип келген. Алгач КТРКнын "Жаш толкун" радиосунда иштеген. Кийин НТС каналында, "Санжыра" радиосунда, Булан институтунда эмгектенген. Акыркы кездерде 5-каналда "5-элемент" автордук программасын даярдап жүргөн.

Чынара Токонованын жакындарына кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер