Акыркы кабарлар
» Коом » Ишкананын директорун сабап кетишти
Ишкананын директорун сабап кетишти
01-ноябрь, 12:57


31-октябрга караган түнү саат 12лер чамасында белгисиз эки эркек киши "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын директору Канатбек Аширбаевге кол салышкан.
"Окуя эки күн мурун болгон. Канатбек Аширбаев машыгуу залынан чыгып баратканда белгисиз адамдар аны ур-токмокко алышкан. Бактыга жараша, ал өзүн коргой алган. Бүгүнкү күндө абалы жакшы, жумушка чыкты. Кол салуунун максаты эмне экени азырынча белгисиз", — деп айтылат мамлекеттик ишкананын маалыматында.
Бул атайын кол салуубу же аны тоноп кетүү максатында болгонбу, кылмышкерлер издөөдө.
Aryba.kg