Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Энең... катыным тажатты” дейт. Менин аялымдын баардык кылыктары жагат

“Энең... катыным тажатты” дейт. Менин аялымдын баардык кылыктары жагат

20-март, 14:48
2 358 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Машинамды ремонтко берип коюп, үйгө автобус менен бараткам. Артымда өзүм курактуу эки киши сүйлөшүп келаткан. Аларды угайын деген деле ниетим жок болчу. Бирок ушунчалык катуу сүйлөшүп жатты дейсиңер, айрым кептерин кулагым чалып калды.

Аялдарды жамандашты. Билбейм, мага ушу “катын” деген сөз дегеле жакпайт.

– Энең... катыным тажатты.

– Менин катыныма акча болсо болду.

– Энең... кетир да башкасын ал.

– Алам эле, “бала белде, катын жолдо” дечү беле?

Каткырык күлкү. Аялзатын басынткан уят сөздөр. Үйгө кырк мүнөттө жетем. Бул аралыкта аял жөнүндө бир да татыктуу сөз уга алган жокмун. Экөөнүн оюу боюнча аялды сүйүү уят, ал эми өмүр бою бирөө менен жашоо “скучно” имиш. Болбогон кептерин уккум келген жок. Төрт аялдама эрте түшүп кеттим.

Ой басып баратсам, алдыма аялымдын жүзү калкып чыкты. Чачын ак баса баштаган, эки тиши жасалма, колдору жумшак, бирок, көзү ошол бойдон. Эстесем турмуш курганыбызга жыйырма жылдан ашып калыптыр. Өзүмө өзүм аны дагы эле сүйөмбү (?) деген суроо бердим. Албетте! Ал мен үчүн дүйнөдөгү эң мыкты аял.

Башканын кереги жок!

Турган-турпаты менен жагат: күлгөнү, басканы, таарынганы, ачууланганы, конфет жегени, чуркаганы, шашканы. Анан эмне үчүн мен аны сүйбөшүм керек? Ал деген менин ажырагыс бир бөлүгүм. Жүрөгүмдүн жарымы, бир көзүм, бир колум, бир бутум.

Мен ансыз эч киммин: үйдүн кожоюну эмесмин, балдарыбыздын атасы эмесмин, күйөө эмесмин. Оорусам убайым тартып, ачка болсом тамагын берип, кыйын күндөрдө колумду кармап отурат. Анан кантип анын көңүлүн оорутам? Ал деген менин аялым!

Ушундай аялды жолуктурган абдан жолдуу кишимин. Аялымды эч качан, эч ким менен талкуулабайм. Үй-бүлөдөгү көйгөйлөр, аялым экөөбүздүн көйгөйүбүз. Бирөөнү да жакын жолотпойм. Ичимден кобуранып келатып, бир сүйүнүп алдым. Көчөнүн башы. Суукта жөө басып келатканымды көргөн аялым, “сениби, шашпа!” деп сөөмөйү менен кезеп күлүп карап турат. Мен сени сүйөм алтыным!


Билесинби

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер