Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Манас Саматов: “Багбанчылыктын келечеги кең, рентабелдүү жана потенциалы жогору”

Манас Саматов: “Багбанчылыктын келечеги кең, рентабелдүү жана потенциалы жогору”

09-ноябрь, 12:03
617 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Манас аке, фермер адам катары айтсаңыз, жазгы талаачылыктан баштаган ушу күзгө чейинки баса көрсөтчү алгы иштериңиз жок эмес чыгар?

-- Быйылкы жыл баарыбыз үчүн чоң сыноо болду. Кургакчылык маселеси түйшөлттү. Арпабыз күйүп кетти. Жүгөрү өстүрдүк. Быйылкы жылга Чүй боорунда эле 20дай жерге мөмө бактарын тиктик. 

-- Сөзүңүзгө аралжы, мөмө бактарын кайсы сугат системасы менен жалгаштырдыңар?

-- Тамчылатма сугат системасында жалгаштырдык. Керектелүүчү суунун көлөмү кескин түрдө азаят экен. Коромжу болбойт. Ар бир мөмө багы өзүнө керектелүүчү сууну алып, натыйжада түшүмдүүлүгү жогору болорун байкадык. 

-- Ал эми дан эгиндерин жана техникалык өсүмдүктөрүн кандай шартта сугарса эффективдүү болчудай?

-- Өзгөчө Чүй өрөөнүндө жамгыр сугат системасына ылайык келет. Арпа, буудай, кызылча, жүгөрүнү айтпай эле коёюн. Азыр техникалар көбөйө баштады. Көбүнчө Түркиядан апкелип атышат. Эгерде жамгыр сугат системасын жакшы максатта жайылтсак, ошондо суу тартыштыгынан, көйгөйүнөн суурулуп чыгып кетчүдөйбүз. Мындан сырткары, арпа, будай эгилген талаага экинчи түшүм катары жүгөрү сээп, силос кылып алсак болот экен. Ушу практиканы Чүй өрөөнүнө колдонгудайбыз. 

-- Айтмакчы, бизде тоют маселеси да орчундуу эмеспи?

-- Кесек тоюттан сырткары, сенаж, силос бир топ эле арзан түшүп, эффективдүү жагы бар. Муну жөнөкөй арифметика менен эсептеп койсо болот. Бүгүн бир таңгак чөп орто эсеп менен 250-300 сом. Салмагы 20 килограмм. Бир килограммы 10-15 сом. Сенаж же силос даярдай турган болсок, бир килограммы 4-5 эле сом. Тоюмдуулугу, сиңимдүүлүгү жагынан жакшы. Ушундан улам элге багыт берип, жетелей турган адис адам керек болуп атат. 

-- Эки-үч жылдан бери кыргыз жергесин мөмө бактарына айлантуу демилгесин көтөрүп келатасыз. Ушу жагы кандай болууда?

-- Акырындап ишке ашууда. Бул жаатта жылдан-жылга мөмө бактарын жөн эле тиге беришпей, адистердин жардамы менен акылдашып, жердин кыртышына жараша, климаттын өзгөчөлүгүн эске алуу менен иш алып барып аткандары жүрөк жылытат. 

-- Ушу жаатта кыргыз өкмөтү фермерлерге кайсы жагынан кол сунууда?

-- Өкмөт тараптан тамчылатма жана жамгыр сугат системасын өркүндөтүш үчүн “Айыл банкка” 426 миллион сом бөлүп бериптир. Биз аны натыйжалуу, сарамжалдуу, максаттуу пайдаланганга жол ачышыбыз керек. 

-- Атаңгөрү, жанагы “бактериялык күйүк” деген немеси чыкты эле. Мөмө бактарды 2-3 жыл аралыгында жараксыз кылып коюп атат. Кандай чараларды көрүп атасыздар?

-- Өсүмдүктөрдү коргоо адиси эмесмин. “Бактериялык күйүк” биз үчүн табышмак бойдон келатат. Адистер да таккесе пикир айта албай атышат. Оору кайдан келип, кайдан жукту (?) дегендей. Азырынча белгисиз. Ошон үчүн фермерлер, анын ичинде багбандар этияттап, алмуруттун көчөтүн өлкөгө киргизбей жатабыз. Анткен менен жалпы кырдаал көзөмөлдө. Мен үчүн багбанчылыктын келечеги кең. Себеби, рентабелдүүлүгү, потенциалы жогору.  


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер