Акыркы кабарлар
» Саясат » Ширшов 200 миллион долларды убада кылып, алдап кеттиби?
Ширшов 200 миллион долларды убада кылып, алдап кеттиби?
08-август, 20:42
470 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Максим Бакиевдин 200 миллион долларын Алексей Ширшов кайда экенин таап, өкмөткө кайтаруу убадасын берип, орто жерден камалбай калганын укканбыз. Алгач Камчыбек Ташиев жакшы эле каарын төгүп, камакка алууга батынып, акыры төбөлдөрдүн талаш-тартышынан улам, бир пикирге келгени каңкууланган. Андан бери кыйла убакыт өттү. Ширшовдун сөзүнөн, ажого айткан 200 миллион доллардан дайын жок. Эгерде казынага келип түшсө, Кыргызстан дүңгүрөп эле калмак. Ошондо кандай? Дагы күтүү керекпи, же Ширшов чын эле алдап, көз жазгырып кеттиби? Эрксизден үшкүрөсүң да-а...
Бөлүшүү:
"Азия Ньюс" гезити