Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Энергетика министри: “Электр энергиясына болгон бааны көтөрбөйбүз”

Энергетика министри: “Электр энергиясына болгон бааны көтөрбөйбүз”

14-июль, 19:44
1 714 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Электр энергиясына болгон баа көтөрүлбөйт. Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев “Азаттыкка” берген маегинде айтты.

Мындай чечим кечээ, 13-июлда президент Садыр Жапаров менен жолугушуп, электр энергиясынын тарифтерин талкуулагандан кийин кабыл алынган.

“Президент келерки жылы айлыкты, пенсия, жөлөк пулду жогорулатмайынча калкка электр энергиясынын тарифин көтөрбөйбүз деп айтты. Ошондуктан жаңы жылдан кийин айлык, пенсия, жөлөк пул көтөрүлгөн соң апрель айынан тарта жаңы тарифти киргизгенге аракет кылабыз” деп билдирди министр.

Ошондой эле электр энергиясынын бир кВт/сааты азыркыдай эле 77 тыйындан сатылат. Андан тышкары, тоолуу райондордо электр жарыгына киргизилген 700 кВт/саат чектөө жоюлат. Ал эми калган аймактагы тургундар бир айда 700 кВт/сааттан ашык электр энергиясын колдонсо 2 сом 16 тыйындан төлөнөрүн билдирди.

Буга чейин өлкөдө электр энергиясына жаңы тарифтерди ушул жылдын 1-сентябрынан тарта киргизүү пландалып жатканы кабарланган.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер