Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Гүлнара Ташибекова: “Ковид жаштар арасында да тездик менен жайыла баштады”

Гүлнара Ташибекова: “Ковид жаштар арасында да тездик менен жайыла баштады”

28-июнь, 13:04
2 247 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

№17 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун башчысы менен маек.

-- Гүлнара айым, ковид илдети жанды сууруп алганы калды го?

-- Айтпаңыз, күндөн-күнгө жаман илдет күчөгөндөн-күчөп атат. Ооруга чалдыккандардын саны да көбөйүүдө. Биздин медицина тармагы колдон келгендерин кылып атышат. Үчүнчү толкуну мурункуларга караганда өзүнүн бир топ өзгөрүүлөрү менен, анын ичинде жаштар кабылып атканы медицина тармагында иштегендердин тынчын алууда. 

-- Ордо калаабызда күндүзгү стационарлар ачылабы?

-- Шаардын ар бир районунда бирден күндүзгү стационарлар ачылып баштады. Ар бир стационарда 50дөн койка эсептелген. Алсак, Биринчи Май району боюнча №83 орто мектептин актовый залы. Ленин району боюнча №95 мектепте. Свердлов районунда “Дордой” жаңы конушу №94 мектепте жана Октябрь району боюнча “Сейтек” балдар борборунда. 

-- Булар канчалык деңгээлде медициналык жабдыктар, дары-дармек менен жабдылган?

-- Ар бир стационарда дем алдыруучу концентраторлор жана квалификациялуу медициналык жардамдар каралууда. 

-- “Үчүнчү толкун” деген менен элдер ковидден коркпой калды окшойт?

-- Врач катары айтарым, “сактансаң сактаармын” дейт. Беткап, антисептик колдонуп, колду бат-бат самындап жууп туруу жана эл көп чогулган жерлерге барбоо керек. Оорунун симптомдору байкалса, 118 телефонуна чалып, кеңеш сурагыла.

-- А вакциналар эмне болду?

-- Бишкек шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы “23 миңге жакын шаардын тургундары вакцина алды” деп кабарлады. Бул эми “капля моря” дегендей эле кеп. Кимде-ким ковидге каршы вакцина алам десе – өз эрки. Жолдору толтура. Болбоду дегенде өзүнүн үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна барып сураса, толук кандуу жооп алат. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер