Ахматбек Келдибеков эски досторуна башкалардай акаарат келтирген жок
“Дос айрылат, сөөк кайрылат” деген кыргызда накыл кеп бар. Анын сыңарындай, бир кезде Садыр Жапаров, Ахматбек Келдибеков жана Камчыбек Ташиев дос эле. Үчөө көп оош-кыйыштарда бирге жүрүштү. Акыры саясаттын айынан ажырым кеткени жашыруун эмес. Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев бир жээкте. Ал эми Ахматбек Келдибеков “Азаттык” партиясы аркылуу парламенттик шайлоого аттанып, учурда тарапташтары менен каршы багытка түштү. Бирок, “Азаттыктагы” айрым саясатчылар бийликке карата катуу сын айтып, радикалдуу кадамдарга барып аткандай. Мындай шартта Келдибеков сабырдуу мүнөз күтүп, БШКнын кемчиликтерин айтып, досторуна акаарат келтирүүгө, аша чаап жамандаганга барган жок. Саясатта, жашоодо деле ким бирөө менен душман болсоң, кайсы бир убакыт өткөндө доско айланып калышың мүмкүн. Андыктан, тагдыр, келечек күтүүсүз көрүнүштөрдү да сунушташы мүмкүн...
"Азия Ньюс" гезити