Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Амирбек Усманов: “Жер-суулардын көөнө замандан бери келаткан тарыхый аттары сакталышы зарыл”

Амирбек Усманов: “Жер-суулардын көөнө замандан бери келаткан тарыхый аттары сакталышы зарыл”

17-август, 12:00
435 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Амирбек мырза, жер-суу аттары боюнча жакшы маселе көтөрүп жүрөсүз. Албетте, жерлердин кылымдардан бери келаткан тарыхый аттарын өчүрүп салып, адамдардын ысымдарын койгон туура эмес. Бирок элге эмгеги сиңген инсандардын аттары деле унутулбашы керек го? 

-- Жерлердин эзелки аттарын өчүрүп жаңылоо – бул большевик, коммунисттердин өз аттарын өлбөс кылуу үмүтүнүн түшүмү. Жаман адат тез жайылып, өрнөктүү иштин жайылышы жай болот коомдо. Совет заманына, өзгөчө, 1926-1960-жылдар арасындагы Кыргызстандагы, тагыраак болсок, Кыргыз ССРинин саясый картасына дүрбү салсак, совет өкмөтүн курууга эмгеги сиңген, же салым кошкон мамлекеттик ишмерлердин урматына берилген айыл-кыштактардан, колхоз-совхоздордон, райондордон, артелдерден башың айланкөчөк кетет. Ошо кездеги гезит-журналдарды карап отуруп, Кыргызстандагы Ленин, Сталин, Калинин, Фрунзе, Ворошилов жана башка коммунисттик чыгаандардын атындагы субъектерден жөн адамды кой, шайтандын да башы адашат. «Бул аталыштарды тактайм, алардын бүгүнкү аталышын табам» деген илимпоз табылса, бир өмүрдө иликтөөсү түбүнө жетпесе керек... 

Мисалы, бүгүнкү Кадамжай районундагы Үч-Коргон кыштагына адегенде Абдыкадыр Орозбековдун ысымы берилип, ал репрессияланып кеткенден кийин 1959-жылга чейин Молотовабад болгон. Азыркы Кадамжай району Фрунзе району, а райондун борбору Фрунзе поселогу деп аталган. Мындай мисалды, анын ичинде Ленин, Фрунзе, Калинин атындагы советтик Кыргызстандагы мектеп, чарба, райондордун тизмелесем бир калың дептерге сыйбашы да мүмкүн.  

А.Орозбековдун аты мурдакы Кызыл-Кыя районуна, азыркы Кызыл-Кыя шаарындагы Суухана колхозуна да берилген. Бул жетекчи кызматтагы көшөкөр, кошоматчылардын Кыргыз АССР Борбордук Аткаруу Комитетинин Төрагасына анын туулган күнүн утурлай жасаган белеги болгон. Ошол кездеги советтик жетекчилердин, аскер башчылардын урматына атын мекеме, ишканага, чарба менен артелге берүү бузулгус салт болгон. 

Абдыкадыр Орозбеков туулган Охна кыштагы бүгүн Орозбеков деп аталат. Ошентип, мектепте Орозбеков кыштагында туулган деп окутулат да! Орозбековдо жашагандар биздин кыштакта Орозбеков туулган деп айтышабы? Соо адамдын логикасына сыйбас бул сыяктуу акылы кыскалыкты учурунда Кыргыз Эл акыны Сүйүнбай Эралиев байкап, өзү туулган Үч-Эмчек айылына атын берели деп чыккан сүрмө топтун демилгесине макул болбой койгон. Тилекке каршы, мамлекеттик ишмер, же чоң жазуучу катары аталган адамдардын жакындары, айылдаштары, райондоштору Сүйүнбай Эралиев сыңары кыраакы эмес экен. Азыр Кыргыз Эл баатыры наамына жетүү үчүн өзү кол топтоп, социалдык желеге өз атынан, же жамаат атынан өкмөткө кайрылуу жарыялаган ишмерлер бар. Алардын балдары эртең өлкө үчүн жан үрөп кызмат кылган баатыр атабыздын аты туулуп өскөн айыл-кыштагына, айыл аймагына, районго берилсин (!) деп чыкпасына ким кепилдик берет?  

Жер-суунун көөнө замандан бери келаткан тарыхый аты сакталыш керек. Бул элибиздин өткөн жолун үйрөнүү үчүн маанилүү. Айтсак, Дөрбөлжүндүн бир кылымдардагы жаралган тубаса аталышы өзгөртүлүп, алгачкылардан Кыргыз ССР эл артисти наамына татыган чоң талант Муса Баетовдун ысымы менен аталган. Натыйжада, Дөрбөлжүн деген топоним жалпы журт үчүн унутулду. Эгер эски аталыш сакталып калса, чеп калмак жапырыгы маалда, балким, Чынгыз хан доорунда негизделген, аталыш монголдун дөрвөлжүн – төрт бурчтук деген сөзүнөн алынган, калмак баскынчаларынан Ата журтубуздан, анын ичинде Ак-Талааны Шырдакбек сүрүп чыккан деп мекен таанууда, эл-жер таанууда сүйлөгөнгө жем болмок. Азыр Баетовдун тарыхы Муса Баетовдон башталганы айтылабы? Билбейм.

Менин оюмча, сиз айткан “элге эмгеги сиңген инсандардын аттарын” жаңы конуш, кыштак, шаарларга берсе болот. Мындай тажрыйба өнүккөн батыш өлкөлөрүндө кездешет. 

Эгер бүгүнкү Кыргызстандын топонимикасына назар салсак, алардын ашып барса 10 проценти кишинин аты менен байланыштуу. “Жок, андай эмес” десеңиз, 2013-жылы аттуу-баштуу авторлор тобу тарабынан жазылган “Словарь топонимов Кыргызстана” деген көлөмдүү эмгекти барактап көрүңүз. 

Дагы айталы. Райондорго кишинин атын берүү да туура эмес, муну коммунисттик мезгилден калган жосунсуз салт катары түшүнөм. Райондордун географиялык аталышы сакталганы оң. Себеби, географиялык аталыш кишиге аймактын ландшафын, жердин өзгөчөлүгүн, элин элестетүүгө көмөктөшөт. Карт замандардан бери жаңырып келаткан сөздүн доошун кулагына жаңыртат, жүрөктү козгойт, ойлонтот, кыялдандат. 

-- Азыр көчөлөргө, мектептерге материалдык жардам көрсөткөн “спонсорлордун” ата-энелеринин, жакындарынын аттарын койгон модага айланды. Ал кишилердин өтмүшү эч кимди кызыктырбайт. Бул көйгөйгө кандай карайсыз? 

 -- Көчөлөргө, мектептерге акчалай, же материалдык жардам көрсөткөн капчыктуулардын ата-энелеринин, жакын туугандарынын аттарын койгонго каршымын. Муну жосунсуз жорук, жарыбаган адат катары эсептейм. Бул кыргыз өкмөтү, өлкө жетекчилиги учурунда көз жаздымында калтырган жана куу кекиртек чиновниктер атайылап жасаган кутулбас куя, жаман жөрөлгө.  

Бүгүн карасаңыз, айыл-кыштактарды мындай коюңуз, ордолуу Бишкекте, берекелүү Ош шаарында, район борборлорундагы көчөлөргө бир кезде өкмөттүк кызматка илинип калган майда-барат чиновниктерден тартып, пешенесине бир-эки жыл чоң болуу жазылган адамдардын аттары коюлуп кеткен. Ал эми жергиликтүү дейбизби, шаардык, республикалык бийликтер берегидей ат берүүгө көздү жумуп, ак койдон аңкоо, боз койдон момун жүрүшөт. Болбосо, көчөлөргө, мекемелерге, окуу жайларга көй кашка адамдардын ысымдарын берүү мамлекеттик идеологиянын ажырагыс бөлүгү, жаңы муунду тарбиялоонун, кесипкөй, жаратман инсанга ызат-урмат көрсөтүүнүн бир жолу эмеспи! 

Мен өзүм туулган Чавайды (расмий Чаувай делип жүрөт. Жергиликтүү эл Чавай деп көөнө атын айтат) же тегеректеги кыштактарды айтайын. Жана сиз айткандай, «материалдык жардам кылабыз» деп, оозунун желин аябаган “спонсорлор” менен тууганы “тирик”, “дадилдердин” аталары же туугандарынын аттары аң-дөң, чаңы асманга сапырылган көчөлөргө берилген. Сурай келсең, алардын эмгегин улуу-кичүүдөн эч ким билбейт.   

Ысымы көчөгө, мектепке берилген адам айылдаштарына, ошол көчөдө жашаган адамдарга үлгү, жаш муун – мектеп окуучуларына өрнөк болчу, сырттан конок келсе, аларга жасаган иштерин атап, сыймыктанчу адам болуш керек. Адамдар өмүр жолун, чыгармаларын, жазган эмгектерин сөз кылгандай акын, жазуучу, окумуштуу, өлкөнүн, аймактын, шаар-кыштактын өнүгүүсү үчүн орчундуу салым кошкон инсан, дүйнөгө таанымал өнөр адамы болуу керек. 

Биздин кыштактык советтин депутаттары, эли эмне үчүн Чавай мектебинде өмүр бою иштеген биринчи жогорку билимдүү математик Токтомат агай Камчыбековдун, же чейрек кылым ашык химия жана биологияны мээге куюп окуткан Ысык-Көлдүк агай Ишенбай Жумабаевдин, же республикадагы биринчи криминалист Ысмайил Пизаиловдун, же Чавайдагы байыркы кенди изилдеп жазган геолог В.Т.Сургайдын атын көчөлөргө ыраа көрүшкөн эмес. Бул эл багытын жоготкон, өрнөк, маяк болчу адамдар менен карапайым жарандын баркын ажырата албай калганын күбөлөбөйбү? Бул жалгыз биздин кыштакка эмес, жалпы өлкөбүзгө мүнөздүү көрүнүш экенин жер кыдырып, эл аралап жүрүп билдим. Көрдүм. Уктум. 

Дагы бир жан күйдүргөн мисалды айтайын. Быйыл ардактуу академик, ОшМУнун профессору, Фундаменталдык изилдөөлөр институтунун директору Келдибай Алымкулов 79 жашында дүйнөдөн өттү. Ал киши физика, математика илимдеринен докторлукту ССР Илимдер академиясынын математика институтунда жактаган. Мурдагы советтик өлкөлөрдө, андан тышкары Таиланд, Түштүк Корея, Польша, Венгрия жана башка мамлекеттердеги эл аралык жыйындарда илимий доклад жасаган. Бир монографиянын, 150дөн көп илимий макаланын автору. Ал кишинин жетекчилиги астында илимдин он чакты кандидаты, эки илим доктору даярдалган. Америка, Европанын математиктер ассоциациясынын мүчөсү, Кыргызстан математиктер коомунун вице-президенти, дифференциалдык теңдемелер боюнча белгилүү адис болгон. Мен эсимде калгандарын гана айтуудамын.  

Келдибай Алымкуловдун аты Ноокат районундагы өзү туулган кыштактагы мектепке берилери күмөн. Антип ойлоо куру кыял. Артында ага күйүп жүгүрөр, аткаминерлердин тилин таап, бюрократтык тоскоолдукту бузуп өтөр тууган-уругу жоктой эле. Кызы жаш, аялынын өз түйшүгү бар. Маркум нукура илимпоздор сыяктуу апенди чалыш, өмүрүн математиккага арнап, кыштагына айда-жылда бир каттаган, өз дүйнөсү менен жашаган кайталангыс адам эле. Айтмакчы, Кубат Жусубалиев менен санаалаш достордон болчу. Үч-төрт жылдай илгери айыл өкмөтүнүн башчысы «жергиликтүү мектепке сиздин ысмыңызды берели, салымын төгүңүз» дегендей кептин четин чыгарганын айтып: “Атымды койсо-койбосо мага эмне? Артымда илимий эмгектерим калат” деп каткырган эле жарыктык киши. 

Биздин ар кандай эмгектин алдыңкыларына болгон мамилебиз, көчөлөргө, мектептерге, мекемелерге кандай ат бергенибиз, биздин дүйнө таанымыбызды, аң сезимибиздин деңгээлин, акыл-парасатыбызды көрсөтөт. Ошон үчүн тарых алдында, болочок муунга карай күлкү болбойлу десек, дүйнөгө, коңшу өлкөлөргө, чөлкөмгө, айыл-кыштакка башы көрүнгөн, жасаган иштери көпчүлүккө маалым, “атын атаса, куту сүйүнчү” инсандардын ысымдарын берели! Баса, бул боюнча АКШнын кызыктуу жана үлгү тутарлык тажрыйбасы бар, ал тууралуу ыгы келсе сүйлөрбүз дагы. 

-- «Азаттык” радиосунан кеткенден кийин Америкада жашап жатканыңызды билебиз. АКШнын кайсыл шаарында турасыз, ал жакта эмне иш кыласыз? 

-- Вашингтондун жанында, Акүйдөн 36 чакырым аралыктагы Гейтерсбөрг деген шаардамын. Шаар маалелерге бөлүнөт. Лайклендс маалеси көлдөр деп которулат. Прагага да утуру каттап турам. Азыр чыгармачылык изилдөөлөр менен алектенип, эки нерсенин үстүндө иштеп жатам. Быйыл Москвадан үч тилде А.Тешебаев жөнүндө китеп-альбом чыкты. Текстин жазып, китеп-альбомду түздүм. Былтыр англис тилинен оодарган эки китеп чыгардым. Кабарчылык кандай убакытты, күчтү аларын өзүңөр жакшы билесиңер. Азыр колум бошогон соң демалышты, эс алганды унутуп иштегендин эмне зарылчылыгы бар эле деп, ошол жоготкон убактымды толтурууну чечкем. АКШда сүрөт музейлерин, китеп дүкөндөрүн, Чехияда шаар-кыштактарды кыдырганды, Прагадагы симфониялык музыканын концертине, китеп дүкөндөрүнө, жеке менчик галереяларга барганды жакшы көрөм. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер