Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Адил Назаров: “Таштандыны бөлүү боюнча пилоттук долбоор иштеп жатат”

Адил Назаров: “Таштандыны бөлүү боюнча пилоттук долбоор иштеп жатат”

06-март, 13:32
1 026 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкек санитардык полигонунун директору менен маек.

-- Таштандыны кайра иштетүүнү мамлекеттик деңгээлде колго алууга болобу? Андагы тоскоолдуктарга токтолсоңуз.

-- Катуу тиричилик калдыктары (КТК) учурда эң көйгөйлүү маселелердин бири болуп саналат жана аны чечүү үчүн өкмөттүн деңгээлинде саясаттын жүргүзүлүүсү учурдун талабы болуп эсептелет. 

КТК боюнча укуктук-нормативдик актыларда байкалгандай, учурдагы мыйзамдарда көптөгөн көйгөйлүү маселелер бар. Тиричилик калдыктары боюнча бардык нормалар жана талаптар атайын бирдиктүү мыйзам долбоорунда бекитилиши зарыл. Мамлекеттин КТК боюнча саясаты же улуттук стратегия аркылуу же мыйзамдар менен регламенттелүүсү зарыл. 

-- Эгер Европа же бөлөк өнүккөн өлкөлөрдү алсак, элдин таштандыны сорттоп таштоосу көндүм ишке айланган. Ал эми бизде таштандыны бөлүү тууралуу түшүнүк да жок. Элди бул жагынан калыптандыруу боюнча да иштер жүрүп жатабы?

-- Катуу тиричилик калдыктарын бөлүп ылгоо жана аны кайра иштетүү механизмдери бүгүнкү күндө көптөгөн Европа биримдигине кирген жана башка өнүккөн мамлекеттерде кеңири жайылган жана ийгиликтүү иштеп келет. 

Учурда “Бишкек санитардык полигону” (БСП) муниципалдык ишканасы КТКларды бөлүп ылгоо боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырууда. Атайын социалдык роликтерди тартып, аларды массалык маалымат каражаттары аркылуу коомго жайылтып, ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин деңгээлинде коомдук талкууларды уюштуруу жана ага ылайык актыларды кабыл алууну көздөп жатат. 

-- Таштандыны бөлүп чыгаруу боюнча пилоттук долбоордун башталышы кандай болууда?

-- Жогоруда белгиленгендей, бүгүнкү күнгө БСП муниципалдык ишканасы Бишкек шаарына караштуу Октябрь районундагы өзүнө чегерилген укуктарынын алкагында контейнердик аянтчаларда КТКларды жеринде ылгоо боюнча пилоттук долбоордун үстүндө иштеп жатат. Аталган долбоор катуу тиричилик калдыктарынын морфологиялык бөлүгүн (курамы) аныктоо максатында ишке ашырылууда. Андан тышкары, аталган ишкана таштандыларды ылгоо боюнча укукка ээ жалгыз ишкана болуусун көздөйт. 

-- Таштандыны эмне үчүн бөлүш керек, анын экологияга тийгизген таасирлери кандай, жалпысынан элге таштандыны бөлүүгө мотивация бере турган тараптарына токтолуп өтсөңүз?

-- Жогоруда күбө болгондой, эгерде КТКларды бөлүп ылгоо пилоттук долбоору ийгиликтүү ишке ашса, анда БСП ишканасы Европа реконструкциялоо жана Өнүктүрүү банкынын кредитин төлөөдө маселе жаралмак эмес. 

БСП муниципалдык ишканасы “Тазалык” ишканасынын жалпы 958 контейнердик аянтчаларында таштандыны ылгоону колго алууга далалаттанууда. 

Аталган пилоттук долбоорду ишке ашыруу үчүн атайын социалдык роликтерди тартып, аларды ММКлар аркылуу жана ошондой эле шаардагы кинотеатрларда ар бир кино башталардын алдында көрсөтүү – таштанды жайынын жана КТКлардын коомго жана айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасири канчалык орчундуу экенин жеткирүүнүн эң оптималдуу жолдордун бири деп атаса болот (каржы булактары изделүүдө). 

-- Азыркы кезде санитардык полигондук жайдын жалпы аянты канчага барат жана ал жерде кандай көйгөйлөр бар?

-- Укуктук ээликти аныктаган документтерге таянсак, Бишкек санитардык санкцияланган полигонунун жалпы аянты 71 гектарга барабар. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин 2019-жылдын 12-ноябрындагы токтомуна ылайык, рекультивациалануучу жайдын жалпы аянты 44.6 гектарды түзөт. 

БСП ишканасы аталган таштанды жайынын аянтын 3.8 гектарга кеңейтүү аракетин көрүүдө. Таштанды жайда Аламүдүн районунун территориясына байланышкан маселе бар болгондуктан, учурда бул маселе Бишкек шаарынын мэриясы жана башка органдары аркылуу тескелүүдө. 

Жогоруда белгиленген кошумча 3.8 гектардын катталуусу кечиктирилип жаткандыгына байланыштуу, БСП муниципалдык ишканасы санкцияланган жайдын “жабуу жана рекультивациялоо” компонентин мамлекеттин экспертизасынан өткөрүү мөөнөтүн созууда. 

Катуу тиричилик калдыктарын өзүнчө ылгоо концепциясы иштелип чыгып, бекитилгенден соң, КТКларды бөлүп ылгоо толугу менен башталат. 


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер