Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жанар Кадыралиев: “Асылбек Жээнбеков эрегишпесин, Алмазбек Атамбаевдин командасына оомат келди!”

Жанар Кадыралиев: “Асылбек Жээнбеков эрегишпесин, Алмазбек Атамбаевдин командасына оомат келди!”

27-июль, 12:53
5 550 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Айткандары таамай чыгып келаткан астрологду бул жолу да кепке тарттык. Эмесе, кеп удулуна келели.

-- Жанар мырза, “Асылбек Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевдин ортосундагы мамилени айтып берем” дедиңиз эле. Кепти ушундан уласак кандай болот?

-- Асылбек Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевдин ортосунда жакынкы мезгилде абдан чоң тирешүүлөр жүрөт. Учурда экөө тең түрмөдө болгонго байланыштуу, сырт жактарга ачык билинбейт, тымызын аракеттер күч алат. Бул абдан коркунучтуу абал. Асылбек Жээнбеков колунан келсе Атамбаев менен андай тирешүүгө барбай эле койсо (!) дейт элем. Абайласын, абдан этият болсун, эрегишпесин. Арты жакшылык менен бүтпөйт.

-- Себеп?

-- Анткени, жакынкы күндөрү Атамбаевге жылдыздардын оң таасири тийип баштайт жана ал жылдыздардын жайгашышы Алмаз мырзага кандайдыр бир мүмкүнчүлүктөрүнө жол ачат. Ушу кезге чейин көптөгөн идеяларды бышырып, эки же үч анжы ойлордун ортосунда чайналып келген болсо, бу жолу ошолорду иретке келтирип, ишке аша турганын гана тандап, эч бир токтоосуз алдыга кеткени оң. Артка кылчайып кажети жок. Акылын иштетип, бир чечимге келсин! 

-- Түрмөсү эмне болот?

-- Эгер туура кадамдарга барса, баса белгилегим келет, туура кадамдардын аркасы менен жеке керт башына үйүлгөн жаман жагдайлардан кыска мөөнөттө арылып, түрмөдөн да бошонуп чыгарына убакыт жетти. Ошону менен бирге командасына да оомат оойт. Атамбаевдин адамдары бийликтин көп жагына кызматка келе башташат да, катуу таасирин тийгизе баштайт. 

-- Туура кадамдарга барбай калсачы?

-- Атамбаевдин тагдыры бычактын мизинде турат, муну да эске алышыбыз керек. “Кылт” этти дегиче, туура кадамды тандабай, башка жолго түшө турган болсо, анда өмүрүнө коркунуч жарала турган учур алыс эмес. Бу жагынан да абдан абайлап, туура чечимге барышын каалайбыз.   


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер